Акыркы суткада коронавирус жуктурган 55 бейтап сакайып, каза болгондор катталган жок

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 26-февралда 55 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылгандыгын маалымдашты. Сакайгандардын эң көбү Чүй облусунда катталды — 20, Бишкек шаарында — 14, Ысык-Көл облусунда — 10, Ош облусунда — 4, Нарын облусунда — 3, Баткен жана Талас облустарында — экиден бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 83 061 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 368 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 20 киши өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 313 киши дарыланып жатат.

Ал эми акыркы суткада коронавирустун жаңы 51 учуру катталды. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Чүй облусунда аныкталды — 22. Ал эми Бишкек шаарында — 10, Талас жана Баткен облустарында — бирден, Нарын облусунда — эки учур аныкталды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 86 142ге жетти. Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 3 338.

Ошондой эле, акыркы суткада Бишкек шаарында эмгектенген бир медиктен коронавирус аныкталды. Бир суткада алты медик айыкты. Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4 204кө жетти, анын ичинен 4 172 медкызматкер илдеттен айыкты.

Кыргызстанда COVID-19ду жуктуруп каза болгон бейтаптардын саны 1463кө жетти.