Бишкек милициясы юрист Токтакунов февралдын башында эмнеге кармалганын айтты

Юрист Нурбек Токтакунов фейсбук барагына 2-февраль түнү күч түзүмдөрү тарабынан эмне себептен кармалганы тууралуу Бишкек ШИИБдин жообун жарыялады. ШИИБ Токтакуновду кармоо тууралуу багыттаманы Н.Жураев аттуу милициянын подполковниги бергенин маалымдады. Багыттамада Токтакунов мас абалында машина айдап жүрүшү ыктымал деп айтылган.

«Андан соң [багыттама колго тийгенден кийин] өздүк курам, милициянын кайгуул кызматынын ишмердүүлүгүн жөнгө салган укуктук-ченемдик актыларга ылайык, автоунааны кармоого жөнөгөн. Натыйжада, 1-февралда саат 20:30да автоунаанын айдоочусу кармалган», — деп жазылган билдирүүдө.

В связи с моим незаконным задержанием патрульной милицией, мы обратились с запросом в ГУВД, откуда ответили, что...

Опубликовано Nurbek Akbar Воскресенье, 28 февраля 2021 г.

Токтакунов туура эмес багыттама берген милициянын подполковниги Н. Жураев деген ким экенин аныктай турганын билдирди.

Шаардык милициядан аталган факты боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын кабарлашты.

Токтакуновдун кармалышы

Адвокат Нурбек Токтакунов 2-февралга караган түнү милициянын Кайгуул кызматы тарабынан мас абалында автоунаа башкарып жүрүшү мүмкүн деген жүйөө менен токтотулуп, бир нече саат кармалып турган. Милиция кызматкерлери ага карата ушундай багыттама келип түшкөнүн айтышкан. Экспертиза Токтакунов спирт ичимдигин ичпегенин көрсөткөн.

Токтакунов өзү 2-февраль күнү «Клооптун» журналистине аны WhatsApp тиркемесиндеги тайпалардын биринде таратылган багыттаманын негизинде кармаганын айтып берген. Юрист бул тууралуу милиция кызматкерлеринен уккан.

«Ал тайпага каалаган эле адам оюна келген маалыматты бөлүшө берет. Башкача айтканда, расмий багыттама болгон эмес. Мындай багыттама кылмыш катталган учурда берилет, мисалы дал ушул унаа кылмышка шектелип жаткан учурда», — деп айтып берген ал, 2-февралда.

Юристти «Азаттыктын» «Перекресток» берүүсүнө конок катары чакырылгандан кийин кармашкан. Берүүдө Кыргызстандагы коррупция темасы талкууланган.

Юрист Нурбек Токтакунов өзүнүн жигердүү жарандык позициясы жана саясатчыларга адвокат болгону менен белгилүү. Ал ар дайым бийликти сындап келет, өзгөчө адам укуктарынын же мыйзамдуу процедуралардын бузулушу боюнча курч пикирлерин айтып келген.

Анын ичинде президент Садыр Жапаровду 2020-жылдын октябрь окуяларынан кийин адамды барымтага алуу боюнча соттолуусу бар болуп туруп премьер-министрдин жана президенттин милдетин аткаргандыгы үчүн бир нече жолу сындаган.

Токтакунов өзү чакан иликтөө жүргүзүп, Жапаровго актоо өкүмүн чыгарган соттун токтомун алууга аракет кылган. Ошондой эле, Токтакунов Конституциялык реформага жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга каршы чыккан активисттердин бири болгон.

Дагы окуңуз: Юрист Токтакунов депутаттардын үстүнөн УКМКга арызданды

Жогорку сот мыйзам бузуп, Жапаровго карата саясий чечим чыгарды — адвокат Токтакунов