Акыркы суткада коронавирус жуктурган 52 бейтап сакайып, бир бейтап каза болду

Республикалык штабдан 2-мартта 59 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылгандыгын маалымдашты. Сакайгандардын эң көбү Чүй облусунда катталды — 23, Бишкек шаарында — 17, Ысык-Көл облусунда — 5, Ош шаарында — 1, Ош облусу — 7, Нарын облусунда — 1, Баткен облусунда — 5 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 83 269 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 353 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 17 киши өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 280 киши дарыланып жатат.

Ал эми акыркы суткада коронавирустун жаңы 57 учуру катталган. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкек шаарында аныкталды — 24. Ал эми Чүй облусунда — 22, Ош, Талас жана Жалал-Абад облустарында — бирден, Нарын облусунда — эки, Ысык-Көл облусунда — алты учур катталды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 86 308ге жетти. Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 3 020.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында бир COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен 1 467 киши көз жумду.