Абдил Сегизбаевдин штабын жетектеген Алмаз Үсөнов УКМКга сурак берди

Алмаз Үсөнов

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат катчысы, жакын өткөн президенттик шайлоодо талапкер Абдил Сегизбаевдин штабын жетектеген Алмаз Үсөнов 2-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына чакырылып, сурак берди.

«Азаттыктын» кабарлашынча, Үсөнов УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге карата козголгон кылмыш иштин алкагында эки сааттан ашык сурак берген.

Үсөнов быйыл 10-январда өткөн президенттик шайлоодо Сегизбаевдин штабын жетектеген болчу.

Бул Сегизбаевдин штабында иштегендерди суракка чакырган биринчи учур эмес. Буга чейин Мээрим Асанова, Кутман Мукашев, Нурзада Токтогулованы жана блогер Юлия Барабинаны суракка алган. Кийинчерек Барабина негизсиз тинтүү жана аңдуудан улам Кыргызстандан чыгып кетүүга аргасыз болгонун билдирген.

Алмаз Үсөнов ким?

Алмаз Үсөнов 1981-жылы 21-декабрда Ысык-Көлдүн Түп районундагы Бөкөнбаев айылында туулган. Жогорку билимдүү. Эмгек жолун 2001-жылы «Кыргызтелекомдо» инженер-программист болуп баштаган. 2004-жылдан тарта президенттин маалымат кызматында референт, кийин аталган эле бөлүмдө эксперт болгон.

Ошондой эле, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинде ЖМК менен байланышуу адиси болгон. 2011-жылы президенттикке талапкерлердин биринин штабында PR жаатын караган. Ал эми 2012-2017-жылдары Алмазбек Атамбаев мамлект башчысы болуп турганда президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүн жетектеген.

2021-жылы өткөн президенттик шайлоодо талапкер Абдил Сегизбаевдин штабын жетектеген.