Ошто «Аллаху акбар» деп ок чыгарып видеого тарткан өспүрүмдөр табылды

Сүрөт: Ош ОИИБинин басма сөз кызматы

«Аллаху акбар» деген кыйкырык менен ок чыгарып видео тарткан балдар табылды. Ош облусутук ички иштер башкармалыгы билдиргендей, тасма 1-мартта социалдык тармактарга тараган.

Тергөөнүн жүрүшүндө, тасманы Өзгөн районунун Эркин-Тоо айылынын 17 жана 16 жаштагы тургундары тартканы аныкталган.

«17 жаштагы тургун бир тууган агасынын катышуусунда текшерилип, андан бир даана 12 калибирлүү Х 3575818 Е сандуу кундагы жок куралы алынган», — деп маалымашты Ош ОИИБиден.

Ал эми видео өткөн жылдын сентябрында тартылгандыгы белгилүү болгон. Андан соң өспүрүмдөр WhatsApp мессенжери аркылуу досторуна жиберишкен.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренеси менен катталган.

Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ок атуучу куралды көзөмөлсүз балдарына берип койгондугу үчүн ата-энелерге айып салынат.

Мындан эки күн мурда Ош шаарында «Калашников» автоматын сатууга аракеттенген 45 жаштагы тургун кармалган. Милициядан билдиргендей, аталган курал АК-103 үлгүсүндөгү, 7.62 мм колибриндеги акыркы үлгүдөгү курал болуп саналат. Кармалган шектүү куралды 50 миң сомго баалаган.

Аталган факт «Мыйзамсыз курал-жаракты сактоо жана сатуу» беренеси менен катталып, тергөө амалдары улантылууда. Ал эми кармалган шектүү тергөө абагына киргизилген.