«Матраимовго тийишпе». Дастан Бекешевден коррупционерди сындаба деп суранышкан

Дастан Бекешевди Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду сындаба деп суранышкан. Бул тууралуу депутат «Политмерге» берген маегинде айтып берди.

«Мага “Матраимов жөнүндө сүйлөбө” деп айтып жатышат, мен ансайын күчөйм», — деп билдирди Дастан Бекешев.

Анын айтымында, Матраимовду сындаба деген өтүнүчтөр ага көп ирет айтылган.

Бекешев бул тууралуу ага телефон чалуулар болгонун билдирди. Кимдер чалганын так айткан жок, бирок, далилдер бар экенин, эгер ага коркунуч жаралса бул далилдерди колдоно турганын айтты.

Бекешев өзүнүн абийирин таза сактоого аракет кыларын жана коррупционер сатып алган көптүн бири болгусу келбесин билдирди.

«Көптөр Райымдын колунан жем жегенин Алканова айтып жатпайбы — бул чындык. Эртеби-кечпи кимдер экенин билебиз, ошондо үрөйүбүз учат. Балким, үрөйүбүз учпайт деле. Бирок, мен жөнүндө кимдир бирөө мактанып — “мен муну сатып алгам” деп айтышын каалабас элем», — дейт Бекешев.

*Элнура Алканова — мурдагы журналист, Матраимовдун тарапташы. 2020-жылы парламенттик шайлоого Матраимовдордун партиясы менен ат салышкан.

Бекешев айрыкча кызым үчүн абийиримдин тазалыгына кам көрөм деп билдирген. Бирок жакын адамдарыма шашылыш операция жасоо керек болуп, каражат таппай турсам, балким акча каражатын алып, үндөбөй турууга макул болмокмун деген оюн айткан.

Депутат бажы төрагасынын мурдагы орун басарын коррупционер деп эсептейт.

«Бул адам өзүнүн коррупционер экенин мойнуна алды, демек коркпой-үркпөй эле коррупционер деп айтсак болот», — деди Бекешев.

Бекешев коррупцияга аралашкан аткаминер карапайым адамдардын келечегин уурдады деп эсептейт. Ал эми өлкөдөн чыгарып кеткен каражат [Кыргызстандан коррупция жолу менен чыгарылып кеткен акчалар жана аткезчиликтен улам төлөнбөй калган алымдар] мамлекеттик казынага түшкөндө мугалимдердин, врачтардын, өрт өчүрүүчүлөрдүн жана башкалардын айлык акысын көтөрүүгө болмок.

Матраимов деген ким?

Райымбек Матраимов эки жылдан ашык — 2015-жылдан 2017-жылга чейин — кыргыз бажысынын төрагасынын орун басары болгон. Бирок ал бажы түзүмдөрүндө ал 10 жылдан ашык иштеген. Бул аралыкта ал кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын көмүскө кланы менен бирге коррупциялык схеманы жолго койгон.

Абдукардын үй-бүлө кланы Кытайдан Кыргызстанга, андан ары Борбор Азия өлкөлөрүнө мыйзамсыз жүк ташып жаткан чакта Матраимов бул схеманын бузулбай иштешине жардам берип, бул үчүн үй-бүлөсүнүн кайрымдуулук фондунун эсебине «кайыр садага» алып турган. Журналисттер бул схема аркылуу Кыргызстандан 700 млн сом чыгарылып кеткенин далилдешкен.

Матраимов жана анын туугандары коррупциялык схемалардын арты менен канча акча табышканы эмдигиче так белгилүү эмес. Бирок анын үй-бүлөсүнүн күтүүсүз (жана мыйзамсыз) байыганы айдан ачык билинген. Мисалы, журналисттер Кыргызстандын аймагында да, чет өлкөлөрдө да Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык кымбат мүлктөрдү табышкан. АКШда Матраимов менен анын жубайы «Магнитский тизмесине» киргизилген.

11-февралда Бишкекте Райымбек Матраимовдун иши боюнча сот отуруму өткөн. Ушунчалык чоң масштабдагы иш болгонуна карабастан, Бишкектин Биринчи май райсотунда өткөн отурум тез эле бүтүп, бир саатка жетпеген убакытта Матраимов бажыдагы коррупциялык схемалар боюнча күнөөсүн мойнуна алып, сот аны күнөөлүү деп таап, ага 260 миң сом (3 миң АКШ доллары) айыппул салган.

Андан соң 18-февралда УКМК Матраимовду кылмыштуу кирешелерди адалдоого байланыштуу жаңы иштин алкагында кармаган. Ал эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Матраимовдордун кланы кыргыз саясатына чоң таасир эткен — анын улуу агасы Искендер Матраимов парламенттин депутаты. Аларга байланыштуу «Мекеним Кыргызстан» партиясы 2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен.

Бирок, нааразы болгон жарандар Ак үйдү басып алышкандан кийин шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Митингдин чыгышына шайлоодо админресурс колдонулганы, ошондой эле шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жана бурмалоолор болгону себеп. Көбүнчө добуш сатып алууга дал ушул «Мекеним Кыргызстан» партиясын айыпташкан.