«Бирөөнүн батирин сатып жиберген». «Карагер» каймана аты менен таанымал УКТ мүчөсү кармалды

Сүрөт: Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган 33 жаштагы киши кармалды. Коомчулукта ал «Карагер» каймана аты менен таанымал. Ал милициянын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Бишкек ШИИБинин маалыматына ылайык, УКТнын мүчөсү 38 жаштагы тургундун ишеничине кирип, андан кийин анын уруксатысыз борбор калаадагы «Аламедин-1» көчөсүндөгү батирин сатып жиберген. Окуя 2019-жылдын сентябрында орун алган.

Милицияга жабырлануучу арыз менен 2019-жылдын сентябрь айында кайрылган. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Бейбаштык» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

«Тергөө жана издөө иш-чарасынын алкагында милиция буга чейин бир нече жолу соттолгон шектүүнүн изине түшүп, аны колго түшүрдү», — деп билдиришти милициядан.

Ошондой эле, Бишкек ШИИБи шектүүнүн башка кылмыш иштерине катышытыгы бар-жогун тактап жатат.

Буга чейин УКМК уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Улан Барчакеев кармаган. Ал крим чөйрөдө «Узун Улан» деген ат менен белгилүү. Учурда Барчакеев УКМК ТИЗОсунун убактылуу кармоочу жайында кармалып турат. Атайын кызмат Барчакеев кайсыл кылмыш иши боюнча кармалгандыгы тууралуу ачыктаган эмес.