Бир нече депутат Конституция боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзамга кол койбогонун билдирди

Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун колдогондордун тизмесиндеги бир нече депутат 1-мартка карата эч кандай тиешелүү документтерге кол койбогонун билдиришти. Алар коштоочу катка тиркелген, депутаттардын колу турган барактар тууралуу айтып жатышат.

Каттын өзүндө мыйзам долбоорун демилгелеген депутаттардын — Акылбек Жапаровдун, Марлен Маматалиевдин, Бактыбек Турусбековдун жана Мирлан Бакировдун колдору турат.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси катары көрсөтүлгөн калган депутаттардын колдору номерлештирилбеген, тиешелүү мөөр басылбаган жана дата коюлбаган кадимки ак барактарга коюлган.

Депутат Тазабек Икрамов Kaktus.Mediага курган маегинде, 2020-жылдын ноябрь айында Конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбооруна гана кол койгонун билдирди.

«1-мартта же андан бир нече күн мурда эч кандай документтерге кол койгон эмесмин. Ноябрдагы документке кол койгом», — деп айтты ал.

Дагы бир депутат Нурбек Алимбековдун айтымында, «коштоочу катка кол койгон 80 депутаттын бирөөсү да ага 1-мартта кол койгон эмес». Ал «бул барактардагы колдордун баары ноябрда коюлганын» кошумчалады.

Бирок, референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоорунун демилгечилери парламенттин 3-марттагы отурумунда Конституциянын жаңы долбооруна 80 депутат кол койгон деп ишендиришкен. Ал эми депутаттардын айтымында, алар Конституциянын жаңы долбооруна эмес, 2020-жылдын ноябрында жарыялаган Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү божомолдогон мыйзам долбооруна кол коюшкан.

Ал эми депутат Дастан Бекешев жыйындын жүрүшүндө билдиргендей, башка депутаттардын коюлган колдору башка мыйзам долбооруна тиешелүү, бирок ал бул катка тиркелген. Анда 24-февралда мандатын тапшырып кеткен экс-депутат Максат Сабировдун да колу турат.

Мындан тышкары, катка кол койгондордун арасында депутат Алмазбек Акматов дагы бар болуп чыккан, бирок ал 28-февралда каза болгон.