Кыргызстандык илимпоз Асел Сартбаева «Жылдын айымы» аталды

Химия илимдеринин доктору Асел Сартбаева британиялык «FDM Every woman in technology» уюмунун «Жылдын айымы» сыйлыгына татыды. Бул тууралуу уюм твиттер баракчасында билдирди.

2020-жылы Сартбаеванын башчылыгы алдында окумуштуулардын тобу вакциналарды муздатуусуз сактоонун инновациялык ыкмасын ойлоп тапкан. Мындай жол менен вакциналарды сактоо, же болбосо жеткирүүдө белгилүү бир температураны кармаган атайын муздаткыч талап кылынбайт. Мындай ыкма менен вакциналар 100°C ысыкка чыдап, 3 жылга чейин бузулбайт.

«FDM Every woman in technology» Сартбаеваны «технология багытында революция гана кылбастан, дүйнөлүк ар тараптуулуктуу алга жылдырып, бириктирген феномен айым» деп белгиледи.

Асел Сартбаева эмнеси менен белгилүү?

Асел Сартбаева — дүйнө жүзүнө Борбор Азиядан биринчилерден болуп чыккан окумуштуу аял деп таанылган. 2004-жылы Кэмбридж Университетинде доктордук даражаны алган. 2007-жылдан баштап Оксфорд Университетинин химия факультетинде изилдөөлөр менен алектенип, 2012-жылы Бат университетине өткөн.

Ошондой эле, ал Англиядагы Падышалык илимий коомчулуктун мүчөсү болуп эсептелет. Бул коомчулукка Дороти Хожкин, Майкл Фарадей, Исаак Ньютон, Стивен Хокиң жана башка көптөгөн окумуштуулар мүчө болушкан. Сартбаева Бат университетинде Вакцинаны сактоо жана жеткирүү боюнча жаңы метод ойлоп тапкан.

Мындан сырткары илимпоз вакцинаны сактоонун инновациялык жолун ойлоп тапкандыгы үчүн 2017-жылы IChemE Global Awards сыйлыгын алган. Ал эми 2019-жылы Сартбаева The Chemical Engineer илимий журналына бул тууралуу жазгандыгы үчүн Хансон медалына татыган.

2020-жылы химия илимдеринин доктору өзүнүн ачылышы менен Улуу Британиядагы Падышалык химия коомчулуктун «Ден соолук» багытындагы «Жаңы технологиялар» конкурсун жеңген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Стереотиптерге каршы вакцина