Бишкекте мыйзамдуулук үчүн тынчтык жөө жүрүш өттү

Бишкек шаарында 7-мартта мыйзамдуулук үчүн кезектеги тынчтык жөө жүрүшү өттү. Иш-чарага 50гө чукул адам катышты.

Марштын катышуучулары темир жол бекетинен Эркиндик бульвары аркылуу Ала-Тоо аянтына чейин басып келишти. Чогулгандар «Сот ууруларды бошотконду гана билет! Уят», «...унчукпай калуу мындан да коркунучтуу» деген сыяктуу башка ураандар менен да чыгышты.

*Бишкектин Биринчи май райондук соту 5-мартта 22-апрелге чейин тынчтык митингдерин жана жөө жүрүштөрдү өткөрүүгө тыюу салган. Аткен менен Конституциянын 34-беренесинде тынч чогулуштарга тыюу салууга эч кимдин укугу жок.

Мындан сырткары жөө жүрүшкө чыккан юрист Таттыбүбү Эргешбаева Конституциянын жаңы долбоорун сынга алды. Анын айтымында, жаңы Баш мыйзамда иш-жүзүндө президентти эч ким кызматтан ала албайт.

«[Жаңы Конституция боюнча] президентти биз жоопкерчиликке тарта албайбыз, ал кол тийбес. Бир гана мыйзамдуу жолу бар — бул импичмент. Ал үчүн 45 депутат, башкача айтканда Жогорку Кеңештин 50 пайызы өлкө башчыга ишенбөөчүлүк көрсөтүшү керек. Мындан сырткары үч айдын ичинде Башкы прокуратура жана Конституциялык сот чечим кабыл алышы керек», — деди Эргешбаева.

Бирок Баш мыйзамдын жаңы долбооруна ылайык, Конституциялык соттун төрагасын жана Башкы прокурорду президент өзү дайындайт. Мындан сырткары Эргешбаева Жогорку Кеңештин депутаттары президенттен көз каранды болуп келгенин кошумчалады.

Жаңы Конституцияны кабыл алуу үчүн референдумду 11-апрелге дайындоо пландалууда — ал күнү Кыргызстандын аймагында бир катар жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Анын ичинде Бишкек менен Ош шаары дагы бар.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Конституциянын жаңы долбоорунда импичмент жарыялоо процесси мүмкүн эмес» — Аида Касымалиева

Президент өкмөттү да башкарат, депутаттар азаят, цензура болушу мүмкүн — Конституциянын жаңы долбоору