Чүй: Өз энесин өрттөп өлтүрүүгө шектелип 44 жаштагы киши кармалды

Иллюстративдик сүрөт

Чүй облусунун Жайыл районундагы Арал айылынын 44 жаштагы тургуну энесин өлтүрүүгө шектелип кармалды. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиргендей, шектүү энесине бензин чачып өрттөп жиберген.

Окуя тууралуу милицияга 9-мартта таңкы саат 06:30дар чамасында маркумдун кошуналары маалымдашкан.

«Алгачкы сурак учурунда шектүү апасын өрттөп жибергени тууралуу көрсөтмө берди. Алдын ала маалымат боюнча ал психикалык оорулуу экендиги белгилүү болду», — деп билдирди Чүй ОИИБиден.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Киши өлтүрүү» беренеси менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталды. Ошондой эле, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Ал эми шектүү Жайыл РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Буга чейин өткөн жылдын 4-январында Ысык-көл облустук ооруканасына денеси күйгөн Жети-Өгүз районунун 33 жаштагы тургуну жеткирилген — ага күйөөсү бензин чачып, өрттөп жибергени кабарланган.

Кылмыш Каракол шаарында орун алып, аялды өрттөөгө шектелген адам окуя болгон жерден качып кеткен. Милиция аны эки күндөн кийин кармап, соттун чечими боюнча ал ТИЗОго киргизилген, ал эми кылмыш иши «Адам өмүрүнө кол салуу» беренеси боюнча бирдиктүү реестрге катталган.

Кийинчерек жабырлануучу арызын чакыртып алганы маалымдалган. Анткен менен Ысык-Көл ОИИБиден күйөөсүнүн кылганы оор кылмыш болуп эсептелгендиктен, тергөө уланып, сотко өткөрүлөрү айтылган.