Акыркы суткада коронавирус 34 кишиден аныкталды, бир бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 10-мартта 60 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылгандыгын маалымдашты. Сакайгандардын эң көбү Чүй облусунда катталды — 22, Бишкек шаарында — 9, Ысык-Көл облусунда — 21, Ош шаарында — 1, Ош облусунда — 4, Жалал-Абад облусунда — 3 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 83 666 бейтап коронавирустан айыкты. Ооруканаларда 294 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 11 киши өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 261 киши дарыланып жатат.

Ал эми акыркы суткада коронавирустун жаңы 34 учуру катталды: Бишкек шаарында — 24 жана Чүй облусунда — 12 учур аныкталды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 86 640ка жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкек шаарында аныкталды — 29 133. Ал эми Чүй облусунда — 13 169, Ысык-Көл облусунда — 7 894, Ош шаарында — 5 634, Ош облусунда — 8 522, Нарын облусунда — 2 462, Жалал-Абад облусунда — 10 000, Баткен облусунда — 7 216, Талас облусунда — 2 618 учур катталды.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 4 334.

Мындан сырткары, акыркы суткада COVID-19ду жуктуруп каза болгон Ош шаарынан бир бейтап катталды. Кыргызстанда илдеттен 1 476 киши көз жумду.

Ошондой эле, өлкө боюнча медиктер арасында да коронавирус жуктуруп алгандар аныкталган эмес. Жалпысынан коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4 206га жетти, анын ичинен 4 195 медкызматкер илдеттен айыкты.