Акыркы суткада коронавирус 52 кишиден аныкталды, каза болгондор жок

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 11-мартта 52 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылгандыгын маалымдашты. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 19, Чүй облусунда — 9, Ысык-Көл облусунда — 13, Ош шаарында, Талас, Баткен, Ош жана Нарын облустарында — экиден, Жалал-Абад облусунда — бир бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 83 718 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 291 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 15 киши өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 264 киши дарыланып жатат.

Ал эми акыркы суткада коронавирустун жаңы 52 учуру катталды. Бишкек шаарында — 26, Чүй облусунда — 16, Ош облусунда — алты, Ысык-Көл жана Баткен облустарында — экиден учур аныкталды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 86 692ге жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкек шаарында аныкталды — 29 159. Ал эми Чүй облусунда — 13 185, Ысык-Көл облусунда — 7 896, Ош шаарында — 5 640, Ош облусунда — 8 522, Нарын облусунда — 2 462, Жалал-Абад облусунда — 10 000, Баткен облусунда — 7 218, Талас облусунда — 2 618 учур катталды.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 3 281.

Мындан сырткары, акыркы суткада COVID-19ду жуктуруп каза болгондор катталган жок. Кыргызстанда илдеттен 1 476 киши көз жумду.

Ошондой эле, өлкө боюнча медиктер арасында да коронавирус жуктуруп алгандар аныкталган эмес. Жалпысынан коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4 206га жетти, анын ичинен 4 195 медкызматкер илдеттен айыкты.