Өкмөт кыргыз жарандарын Сириядагы согуш аймагынан эвакуациялайт

Юстиция министринин орун басары Марат Канулькулов 10-март күнү парламенттин отурумунда өкмөт Сирияга кыргыз жарандарын эвакуациялоо үчүн атайын учак жиберүү боюнча буйрук чыгарганы тууралуу маалымдады.

Анын айтымында, өкмөт каржылык санкциялар түрүндө жаза алган кыргыз жарандарына жардам көрсөтөт.

«Өкмөттүн буйругу чыкты. Атайын делегация барат. Алып келишет. Өкмөт алардын айып пулун төлөө милдетин өзүнө алып жатат, андан кийин алар Кыргызстанга кайтарылат», — деп билдирет Канулькулов.

Бирок өкмөттүн жана Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул тууралуу так маалыматтары жоктугун айтышты.

Террордук топтордун азгырыгынан улам Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактарга барып калган аялдар менен жаш балдарды алып келүү өтүнүчү менен кыргызстандыктар бийликке бир нече жылдан бери кайрылып келишет.

«Өкмөт бизге эч нерсе деп айткан жок. Мен кызымды жана мага окшогон энелердин чүрпөлөрүн Кыргызстанга кайтаруу үчүн жасап жаткан аракетимди токтоткон жокмун. Тышкы иштер министрлигине жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке кайрылдым. Эми өкмөт башчыга жолугайын деп турам», — дейт Хамида Якубова.

2019-жылдан баштап Казакстандын бийлиги Жакынкы Чыгышта согуш аймактарынан өз жарандарын алып кетүү боюнча операцияларды жүргүзүшкөн. Расмий маалымат боюнча, «Жусан» операциясынын алкагында Сириядан 600 казак жараны, анын ичинде 400 бала чыгарылган.

Өзбекстан жана Тажикстан да мекендештерин согуш аракеттери жүрүп жаткан аймактан чыгарып кетүү аракетин улантууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Качан келесиң?» Сириядагы кызын күткөн эне