«Билайндын» мурдагы башкы директору 12-майга чейин үй камагында калды

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Скай Мобайл» (Beeline байланыш оператору) ЖЧКсынын мурдагы башкы директору Евгений Кражанды 12-майга чейин үй камагында калтырды. Бул тууралуу «Клооптун» журналистине райсоттон билдиришти.

Соттун өкүлүнүн маалыматы боюнча, Кражан боюнча токтом 6-мартта кабыл алынган. Ага ылайык, экс-гендиректордун үй камагынын мөөнөтү сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөтүнө барабар убакытка узартылды. Ошол эле кезде, 4-февралда ошол эле райсоттун чечими боюнча ал 12-мартка чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Билайндын мурдагы башкы директору Кражан 2-февралда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоо изоляторуна киргизилген. Ал радиожыштыктардын лицензиясын кайра каттоо жана трансформациялоо үчүн Өкмөттүн аппаратындагы кызмат адамына пара берген деп шектелүүдө.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Мамлекеттик байланыш агенттигинин, Өкмөттүн аппаратынын айрым аткаминерлери жана УКМКнын кызмат адамдары жеке компаниялардын өкүлдөрү менен кылмыштуу байланышка барышып, радиожыштыктар спектрин пайдалануу боюнча лицензияны кайра каттатууну «сүрөмөлөшкөн».

Сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү үчүн Аскер прокуратурасынын менен УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын өкүлдөрүнүн турган ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн.

Радио жыштыктарын сатуу иши

Мамлекеттик байланыш агенттигиндеги коррупция фактысын 2020-жылдын апрелинен тарта Аскер прокуратурасынын тергөө тобу менен УКМК териштирип жатат.

Аталган иш боюнча буга чейин өткөн жылдын 12-майында Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы башчысы Наталья Черногубова коррупцияга айыпталып, Аскердик прокуратура жана УКМК тарабынан кармалган. Ошондой эле, «Ала-ТВ» ЖЧКсынын негиздөөчүсү Артур Халдаров жана УКМКнын эки кызматкери да аталган ишке тиешеси бар деп кармалган.

Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин тиешеси

Депутат Жанар Акаев Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт башчы болуп турган учурда радиожыштыктар «арзыбаган баага» сатылган деп айткан. Ал 2020-жылдын 20-майында өткөн парламенттин жыйынында Абылгазиевден Мамлекеттик байланыш агентигинде радиожыштыктарды пайдаланууга лицензиялардын мыйзамсыз сатылышына тиешеси жоктугун далилдөөнү талап кылган.

Депутат премьер-министр Темир Сариевдин тушунда 15 МГц аукциондо 1 млрд 500 миң сомго сатылган, ал эми Абылгазиевдин учурунда 200 МГц 700 сомго сатылууда деп айткан.

Андан кийин 27-майда Абылгазиев радиожыштыктарды сатуу иши боюнча иликтөөгө байланыштуу, «тергөөгө тоскоолдук жаратпаш үчүн» эмгек өргүүсүнө кеткен. 2020-жылдын декабрында Черногубова менен кылмыш ишинин дагы бир нече фигурантынын бөгөт чарасы өзгөртүлүп, алар үй камагына чыгарылган.

Андан соң 2020-жылдын 15-декабрында УКМКнын Антикоррупциялык кызматы өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысынын орун басары Азамат Араевди кармаган. Сотто кошумчалашкандай, Араев тергөө менен кызматташууга макул болгон.

Мурдагы өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев азырынча УКМК тергөө абагында кармалууда. Ал 26-январда эки айга камакка алынган.