Жогорку сот кримтөбөл «Дөө-Чыңгызды» беш жылга эркинен ажыратты

«Дөө-Чынгыз» каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов, сүрөт: «Кабар» кыргыз улуттук маалымат агенттиги

11-мартта сот «Дөө-Чыңгыз» каймана атты алып жүргөн кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловду беш жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу «Клооптун» журналистине Жогорку соттун басма өз кызматы кабарлады. Жогорку соттун чечими акыркы жана даттанууга жатпайт.

Сотто эки инстанциянын өкүмдөрү күчүндө калтырылганы, ал эми жактоочу тараптын кассациялык даттануусу канааттандырылбаганы белгиленди.

Жумагулов боюнча чечим Биринчи май райондук соту тарабынан 2020-жылдын июнь айында эле чыккан. Ал кезде судья «Дөө-Чыңгызды» күнөөлүү деп таап, «Бейбаштык» беренеси боюнча эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Мамлекеттик айыптоочу Жумагуловду жана башка айыпталуучуларды уюшкан кылмыштуу топту түптөө жана ага мүчө болуу, ден соолукка оор залал келтирүү жана автотранспорт каражатын уурдап качуу беренелери боюнча күнөөлүү деп табууну өтүнүп, 200 миң сом айып төлөө менен бирге, 15 жылга эркинен ажыратуу жазасын сунуштаган.

Бирок сот Жумагуловго карата «Ээнбаштык» беренесин гана колдонгон. Башка айыпталуучулар — Марсбек Тентиев менен Ильяс Айдакеев — башка беренелер боюнча дагы күнөөлүү деп табылып, 190 миң сом өлчөмүндө айып төлөп, 13 жылга эркинен ажыратылган.

Жумагуловдун иши

Кримчөйрөдө «Дөө» деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагулов 2019-жылы апрелде башка адамдар менен бирге эки адамды аёосуз сабоого шектелип кармалган. Кийин жабыркаган эки адам алган жаракаттарынан улам каза тапкан. Жабыркагандар менен кармалгандар УКТ мүчөлөрү болгону кабарланган.

Мурда кримтөбөл «Адам өлтүрүү аракетин уюштуруу» беренеси менен 18-жылга кесилген.

2016-жылдын апрель айынын башында Жумагулов Бишкектеги Чүй проспекти менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишиндеги атышууга тиешеси бар деген шек менен кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, Жумагулов жана анын шериктери күмүш түстүү «Субаруга» бир нече жолу ок атып, кылмыш болгон жерден качып кетишкен.

2016-жылдын июнь айында Жумагулов изин жашырып кетип, Биринчи май райондук соту аны камакка алууга сыртынан токтом чыгарып, издөө жарыялаган. Бир жумадан кийин, ошол эле жылдын 10-июнунда ал колго түшүрүлгөн. Буга карабастан 2018-жылдын башында сот аны тийиштүү мөөнөттөн мурда бошоткон.

Жумагуловду «Камчы Көлбаевдин УКТсынын жигердүү мүчөсү» деп айтып жүрүшкөн. Ал ошондой эле президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловду өлтүрүү боюнча шектүүлөрдүн бири болгон. Жумагулов өз убагында кылмыш дүйнөсү жана Көлбаев менен байланышы болгонун төгүндөгөн.