Бишкекте француз ишкери алдамчылыкка шектелүүдө. Жактоочу фактылар бурмаланганын айтат

Бир күн мурда брифинг учурунда Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор Чүй облусу менен Бишкек шаарында жайгашкан убактылуу кармоочу жайларды кыдырып чыккандан кийинки баяндамасын жарыялады.

Уюмдун маалыматына караганда, Бишкек ШИИББнин убактылуу кармооо изоляторунда улуттук борбордун өкүлдөрү улгайган француз жаранын кезиктирген — чет элдик жаран эки айдан бери аталган жайда кармалып турган.

Ал алдамчылыкка шектелип жаткан La Maison ресторанынын ээси Филипп Лаффорг болуп чыкты.

Ал эми кыргыз мыйзамдарына ылайык, убактылуу кармоо жайында кармалган адамдарды 48 сааттан ашпаган убакыт кана кармоого болот. Тергөө мөөнөтүнө кармалгандар тийиштүү баш коргоо чарасын кабыл алууда тергөө изоляторунда болушу керек.

Иш боюнча эмне белгилүү?

ИИМ чет элдиктин камакка алынганын тастыктады. Бирок ведомствонун маалыматына ылайык, Лаффорг Бишкек шаардык ИИББнин убактылуу кармоочу жайында эмес, ТИЗО-1де. Ага байланышкан иш тергелип бүтүп, Биринчи май райондук сотуна өткөн.

Биринчи май райсотунун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Филипп Жан-Мари Лаффоргго «Адамдардын тобунун аралашуусунда, алдын-ала көмүскө келишим түзүү менен ири өлчөмдөгү бөлөк бирөөнүн мүлкүнө ээлик кылуу же алдоо жолу менен башка бирөөнүн жеке менчик укугуна ээ болуу же ишенимден кыянат пайдалануу» беренелери боюнча айып тагылган.

Айыптоо корутундусунда ресторанчы тааныштарынын биринен карызга акча алып, бербей жүргөн деп айтылган.

Жактоочу эмне дейт?

Француз атуулунун адвокаты Акыл Мухамбетов 24.kg маалымат агенттинине маек куруп, Лаффорг менен доо арыз ээсинин ортосунда карыз тууралуу келишим чындап болгонун тастыктаган. Бирок анда кеп 75 миң доллар тууралуу айтылат, бирок тергөө айтып жаткан 155 миң доллар тууралуу сөз айтылган эмес.

Мындан тышкары, жактоочу тараптын айтымында, ресторан ээси менен арыздануучу экөө «карызды кайтаруунун так күнүн макулдашышкан эмес».

«Үй камагына чыгартып алабыз деп үмүт кылабыз, анткени ал коомго коркунуч жаратпайт, бул жерде өз үйү бар. Ал 75 миң долларды үстөк пайызы менен төлөп берүүгө да макул. Бирок тергөө ага тагып жаткан сумманы эмес. Доомат коюп жаткан адам жөн жерден эле “бүгүн акча болбосо милицияга кайралам” деген», — дейт Мухамбетов.

Аталган иш боюнча алгачкы сот отуруму бейшемби күнү, 18-мартта өтөт. Бишкектин Биринчи май райондук соту бул маалыматты тастыктады.

Тема боюнча:

Чолпон Жакупова бизнеске кысым болуп жатканын айтып, президентке кайрылды

Жапаров бизнести ыксыз текшерүүлөрдөн коргоо жөнүндө жарлыкка кол койду