Нарындан Өзбекстанга эт жана картошка экспортолушу мүмкүн

Нарын облусунан Өзбекстанга картошка жана эт экспорттолушу мүмкүн. Бул тууралуу өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев жетектеген расмий топтун Өзбекстандын Фергана облусуна болгон иш сапары учурунда айтылды.

Ошондой эле, кыргыз-өзбек биргелешкен текстиль ишканасын ачуу дагы сүйлөшүлдү. Ишкана ачуу жана экспорт маселеси качан ишке ашаары азырынча маалымдала элек.

Аны менен катар Ат-Башы районунун администрациясы менен Bahodir log'on Tekstil холдингинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду. Аталган холдинг тарабынан Нарынга жакында 100 орундуу кийим тигүү цехи ачылышы күтүлүүдө. 

Ошондой эле Bahodir log'on Tekstil холдинги тарабынан Нарын облусуна картошканы отоп, түптөп, каза турган 10 трактор белекке берилди.

Өлкө башчы Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдан 11-мартында Өзбекстанга расмий иш сапары менен барган. Иш сапардын жүрүшүндө Нарын облусу жана Фергана облустарынынын ортосунда ишкердик байланышты жакшыртуу боюнча келишимге кол коюлган болчу.

Тема боюнча:

Жапаровдун Өзбекстанга сапары. Кыргыз-өзбек мамилесинде эмне өзгөрөт?

Өзбекстан Кыргызстанга 20 тез жардам унаасын белек кылды