Кыйноолордун алдын алуу борбору Күрөңовдун ачкачылыгын бышыктады

Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун кызматкерлери 18-мартта активист Тилекмат Күрөңовдон кабар алып чыгышты. Ал соттон чыгып жатып ачкачылык жарыялай турганын билдирген болчу.

Улуттук борбордо Күрөңов 17-мартта саат 16:00дөн баштап ачкачылыкты баштаганын бышыкташты. Буга анын Свердлов сотунун чечимине макул эместиги себеп болгон. Чечимге ылайык, активист тергөө абагына бир айга киргизилген.

«Ошол эле учурда, ал ачкачылык жарыялаганы жөнүндө тергөө абагынын жетекчилигине билдирген эмес, бул билдирүү 18-мартта Улуттук борбордун кызматкерлери тергөө абагында болгондо оозеки түрдө гана берилген» — деп мекемеден билдиришти.

Күрөңовдун иши

Тилекмат Күрөңов — жарандык активист. Ал бир нече ирет митингге чыккан. 2020-жылы жайында Күрөңов тарапташтары менен парламенттик шайлоону жылдырып, «ишке жарабаган» өкмөттү отставкага кетирүүнү талап кылып чыккан. Мындан тышкары, 2020-жылдын декабрында ал Жетим-Тоо кенин коргоо кыймылын түзүп, анын башында турган.

Ошондой эле, Күрөңов «Ханституцияга каршы» борбордун мүчөсү, Конституциянын жаңы долбооруна жана конституциялык реформага каршылыгын жигердүү түрдө билдирип келет.

Күрөңов 15-мартта милиция тарабынан кармалган. Бишкек ШИИБ билдиргендей, ал социалдык тармактарда жарыялаган билдирүүлөрү үчүн кармалган, бул жарыяларда «бийликти күч менен басып алууга жана массалык баш аламандыктарга ачык чакырыктар» байкалган.Ошол эле убакта укук коргоо орган кызматкерлери Күрөңовдун үйүн жана «Ханституцияга каршы» борборунун кеңсесин тинтүүгө алышкан.

Кийинчерээк сот отуруму өткөрүлгөн. 17-мартта соттун чечими менен активист Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына 1 айга киргизилген

Мындан тышкары, жарандык активист Бекчоро уулу да Тилекмат Күрөңовдун иши боюнча «айрым маалыматтарды тактоо» максатында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына суракка чакырылган. Ошондой эле, 17-мартта «Ханституцияга каршы» кыймылынын башчысы Жеңиш Молдокматов 16-марттын кечинен бери дагы бир активист Нурбек уулу Камчынын дайыны чыкпай жатканын билдирген. Молдокматовдун айтымында, Нурбек уулун белгисиз адамдар кармап кеткен. Ал ошол бойдон байланышка чыккан эмес, кайда жүргөнү да белгисиз.

Дагы окуңуз: Бири камакта, экинчиси дайынсыз. Активисттерге «аңчылык» башталдыбы?