«Манас» аэропортунун экс-башчысы Чукуев ага карата тергөө жүрбөй жатканын айтты

«Манас» аэропортунун башкаруу кеңешинин мурдагы төрагасы Эмир Чукуев кармалгандан бери эч бир тергөө амалы жүргүзүлбөй жатканын билдирди. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун кызматкерлери андан 18-мартта Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына барып кабар алып чыккандан кийин билдиришти.

Улуттук борбордун кызматкерлеринин айтымында, Чукуев кармоонун шарттарына же кандайдыр бир ырайымсыздыкка даттанган эмес.

Ошол эле күнү экс-төраганын тарапкерлери Бишкектин Ленин райсотунун алдында митинг өткөрүп, аны бошотууну талап кылышкан. Чукуевдин жакындары анын саламаттыгы солгундап кеткенин айтып, аны үй камагына чыгарууну суранышкан.

Бишкектин Ленин райсоту 8-февралда «“Манас” эл аралык аэропорту» ААКнын экс-төрагасы Эмир Чукуевди 2021-жылдын 6-апрелине чейин ТИЗО-1де камакта калтыруу чечимин кабыл алган. Ал түркиялык карго-компаниясына эл аралык жүк ташуулар үчүн жеңилдиктерди берүүдө коррупцияны уюштурганы үчүн шектелип жатканын башкы прокуратура билдирген.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, Чукуев 2015-2018-жылдары «Манас» аэропортун жетектеп турганда Түркиянын «Gata Havayollari ve Tasimacilik» фирмасына эл аралык жүк ташуулар үчүн мыйзамсыз жеңилдиктерди берген. Анын кесепетинде мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян тийген.

Буга чейин Башкы прокуратура бул иш боюнча калаанын мурдагы мэри Албек Ибраимов дагы фигурант экенин кабарлаган. Ибраимов жана дагы бир нече аткаминер «“Манас” эл аралык аэропорту» ААКнын директорлор кеңешин башкарып турган.

Көзөмөл органынын маалыматы боюнча, берилген жеңилдиктердин айынан малекеттик казынага 2016-жылдын июнь айынан тарта 2020-жылдын ноябрь айына чейин 12 млн доллар же 893 млн сом зыян тийген.

Бирок «Gata Havayolları ve Taşımacılık» түрк компаниясы кыргыз органдары тагып аткан айыпка макул эместигин билдирген. Компания «тергөөнүн бейтараптыгына» үмүт артат.

Компания президент Садыр Жапаровдун инвесторлорду коргоо жөнүндө айткан сөздөрү жана анын «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» жарлыгы ишке ашат деп үмүт артат. Антпесе компания Кыргызстандан биротоло кетип калышы мүмкүн, ал эми башка чет элдик авиакомпаниялар, орус, түрк авиаишканалар «Манас» жана Кыргызстан менен иштешкиси келбей калышы ыктымал.

Дагы окуңуз:

«Манас» аэропортунун экс-башчысы коррупцияга шектелип кармалды

«Манас» аэропортунун экс-башчысы Чукуев коррупцияга шектелип кармалды — Башкы прокуратура