«Күрөөдө турган автоунааны күрөөгө койгон». Бишкекте УКТ мүчөсү кармалды

Кармалган УКТнын мүчөсү

Бишкек шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган 38 жаштагы киши кармалды. Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдиргендей, ал «алдамчылыкка» шектелип жатат.

Милицияга 44 жаштагы тургун арыз менен кайрылып, бейтааныш киши үстөк пайыз менен акча алып, изин жашырып кеткендигин айткан.

«Шектүү 2020-жылдын январында жабырлануучудан 3000 АКШ долларын алып, күрөөгө автоунаа койгон. Кийинчерек ал автоунаа банктардын биринде күрөөдө тургандыгы аныкталган», — деп билдирди Чүй ОИИБиден.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Алдамчылык» беренеси менен катталып, сотко чейинки тергөө амалдары уланып жатат. Ал эми шектүү милициянын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Буга чейин 5-мартта УКТнын 33 жаштагы мүчөсү бейбаштыкка шектелип кармалган. Коомчулукта ал «Карагер» каймана аты менен таанымал. Шектүү 38 жаштагы тургундун ишеничине кирип, андан кийин анын уруксатысыз борбор калаадагы «Аламедин-1» көчөсүндөгү батирин сатып жиберген.

Учурда УКТнын мүчөсү Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайында кармалып турат.