«Аферисттик келишим болгон». Бузурманкулов Жерүйдүн лицензиясын жокко чыгарууну талап кылды

Өкмөттүн Талас облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов Жерүй алтын кени боюнча түзүлгөн келишимди «аферисттик келишим» деп атады. Ал ошондой эле, кен боюнча келишимдин экономикалык жана экологиялык жагдайларын текшерген мамлекеттик комиссия түзүлүшү керектигин Фейсбук барагында түз эфирде билдирди.

«Жерүй алтын кени кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн чечилмейинче бул процесс токтобойт, кыргыз эли тынчыбайт. Дагы көптөгөн тегерек столдор, чогулуштар болот. Депутат, министрлер, геологдор жана эл ишенген мамлекеттик ишмерлерден турган комиссия түзүлүп, сүйлөшүү жолу менен элдин пайдасына чечилиши керек», — деди Бузурманкулов.

Ал маселени чечүүнүн бир нече жолу бар экенин айтып, Коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылды. Эгерде мамлекеттик комиссия түзүлбөсө, 2015-жылы өткөрүлгөн сынак боюнча кылмыш ишин козгоого чакырды.

«Курултай чакырып, сотко берсек болот. Сот аркылуу 2015-жылы конкурстук комиссиянын шартын жана кошумча лицензиялык келишимди да жокко чыгарганга шарт түзүлөт деп ойлойм», — деп белгиледи ал.

Буга чейин элдик комиссия Жерүй алтын кениндеги калдык сактоочу жайда жумушчу долбооруна туура келбеген жагдайларды көргөнүн билдирди. Бузурманкуловдун айтымында, калдык сактоочу жай эл жашаган жерден эки чакырым алыстыкта жайгашкан. Талапка ылайык жети чакырым алыстыкта жайгашуусу керек болчу.

«Пайданы эмес, казылган алтынды бөлүү керек»

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов Жерүй боюнча түзүлгөн келишимге «түшкөн пайданы эмес, казылган алтынды бөлүү керек» деп жазуу максатка ылайык болоорун «Азаттыкка» курган маегинде билдирген.

Анын себебин, Шыкмаматов инвестор түшкөн пайданы толук көрсөтпөй, жашырып коёру менен түшүндүргөн.

Ал эми 21-мартта «Фейсбук» социалдык тармагынын колдонуучусу Султанбек Аманбеков Жерүй алтын кенинде 18 адам тамакка ууланганы тууралуу жазып чыккан. Ал кызматкерлер жумуштан кол жууп калбаш үчүн үн катпай жатканын белгилеген. Бул боюнча облустук милиция териштирүү иштерин баштаган.

Жерүй кениндеги иштин токтошу

Жерүй кениндеги завод 2020-жылдын 6-октябрынан бери иштебей турат. Бийлик алмашып, башаламандыктар болуп турганда, аймактарда белгисиз адамдар Жерүй алтын кенине кирип барып, ал жактагы мүлктөрдү тоношкон. Алар андан соң компаниянын бир имаратын өрттөп, кампаны талап-тоноп, бир унаанын терезелерин чагып салышкан.

Жерүйгө болгон кол салуудан 15 млн доллар чыгым келтирилген. Милиция ишканадагы башаламандыктар фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Кийинчерээк таластыктардын өкүлү инвесторлорго талап койгон — кенди иштетүүдөн түшкөн үлүштүн 50%ын аларга, же мамлекетке берүү жана иш шартын кайра карап чыгуу. Алар инвесторлорго шарттарга көнүү үчүн «Жаңы жылга чейин» убакыт беришкен.

2021-жылы 17-мартта Жерүй алтын кениндеги алтын өндүрүүчү ишкананын ачылышына президент Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин катышкан. Орус президенти иш-чарага онлайн түрүндө катышкан.

Жерүйдүн тарыхы тууралуу бул жерден кененирээк окусаңыз болот.

Активист катары таанылган «Айбек Мырза»

Быйыл 5-мартта Талас облусунун мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулган.

Маалыматтарга ылайык, ал мамлекеттик банктардын биринин директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.

Айбек Бузурманкулов жарандык активист катары таанымал, «Фейсбук» социалдык тармагына «Айбек Мырза» деп катталган. Ал өкмөттүн Таластагы өкүлү болуп 2020-жылы октябрда бийлик алмашкандан кийин дайындалган.

Ага чейин ал Жерүй кенине жана ал жакты иштеткен компаниянын ишмердигин сындап, бир нече ирет митингдерди уюштурган.