Жерүй кенинде 15 кызматкердин тамакка ууланганы текшерилүүдө

Таластагы Жерүй алтын кенинде 18 адам тамакка ууланды деген маалыматты облус милициясы иликтей баштады. Бул тууралуу «Клоопко» Талас облусунун ички иштер башкы башкармалыгы маалымат катчысы Динара Сарногоева билдирди.

21-мартта «Фейсбук» социалдык тармагынын колдонуучусу Султанбек Аманбеков Жерүй алтын кенинде мындан 2-3 күн мурда 18 адам тамакка ууланганы тууралуу жазган. Ал кызматкерлер жумуштан кол жууп калбаш үчүн үн катпай жатканын билдирген.

Аталган иш боюнча Жерүй алтын кенин иштеткен «Альянс Алтын» компаниясынын өкүлү Касиет Карачолокова «Клоопко» берген маегинде адамдар эмнеден ууланганы такталып жатканын айтты. Анализди Таластагы Санитардык-эпидомиологиялык станция жүргүзүп жатат.

«Окуя 19-март күнү кечинде болгон. 15 адам ден соолугуна байланыштуу биздин клиникага кайрылган. Ал ооруган адамдар бизде иштейт. Аларга ыкчам жардам берилип, учурда абалы канааттандыраарлык. Кошумча маалымат дагы берилет», — деди Карачолокова.

Окуя Талас ОИИБи тарабынан «Санитардык-эпидомиологиялык талаптардын бузулушу» фактысы менен каттоого алынды. Соцтармакка жарыяланган маалымат текшерилет.

Президент Садыр Жапаров 17-мартта Орусия президенти Владимир Путин менен бирге Жерүй алтын кениндеги алтын өндүрүүчү ишкананын ачылышына катышкан.

Орусиянын лидери жана ВТБ банктын башчысы Андрей Костин бул иш-чарага телекөпүрө форматында онлайн катышкан болчу.

Ишкананын ачылышында Путин «Бул долбоор Орусиянын Кыргызстанга жасаган инвестициясынын рекорддук көрсөткүчү. Анын көлөмү 600 миллион долларды түзөт», — деп билдирген.

Ошондой эле, Путин ишкана жылына 5 тоннага жакын алтын өндүрүүнү пландап жатканын кошумчалаган.

Дагы окуңуз: «Салат жеп, шире ичишкен». Кара-Сууда массалык уулануу катталып, эки аял каза болду

Талас облусундагы Жерүй алтын кенин иштетүүнү «Альянс-Алтын» ишканасы мойнуна алган. Ал эми 2015-жылы кенди иштетүү үчүн лицензия аукцион аркылуу «Русская платина» корпорациясынын курамына кирген Орусиянын «Восток-геолдобыча» компаниясына 100 млн долларга сатылган. Анын карамагында «Альянс Алтын » ишканасы түзүлгөн. Компаниянын аталган кенди иштетүүгө укук берген лицензиясы 2035-жылга чейинки мөөнөткө берилген.

Жерүй — алтындын запасы боюнча Кыргызстанда экинчи орунда турат. Жерүй кенинде 80-96 тонна алтын жана 10-13 тонна күмүштүн запасы бар деп бааланып келет.

Жерүй кениндеги иштин токтошу

Жерүй кениндеги завод 2020-жылдын 6-октябрынан бери иштебей турат. Бийлик алмашып, башаламандыктар болуп турганда, аймактарда белгисиз адамдар Жерүй алтын кенине кирип барып, ал жактагы мүлктөрдү тоношкон. Алар андан соң компаниянын бир имаратын өрттөп, кампаны талап-тоноп, бир унаанын терезелерин чагып салышкан.

Жерүйгө болгон кол салуудан 15 млн доллар чыгым келтирилген. Милиция ишканадагы башаламандыктар фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Ал убакта премьер-министрдин жана президенттин м.а. болуп турган Садыр Жапаров Жерүй жана башка кендердеги тополоңдор өкүнүчтүү экенин айткан, себеп дегенде бул экономикалык кризисти күчөткөн. Анткен менен Жапаров тополоңго жана чоочун мүлктү талкалоого катышкан айылдыктарды коргоого алган.

Кийинчерээк таластыктардын өкүлү инвесторлорго талап койгон: кенди иштетүүдөн түшкөн үлүштүн 50%ын аларга, же мамлекетке берүү жана иш шартын кайра карап чыгуу. Алар инвесторлорго шарттарга көнүү үчүн «Жаңы жылга чейин» убакыт беришкен.

Тема боюнча:

Өкмөт: Жерүй жаз алды менен иштеп баштайт

Аксыдагы уулануу: Чайды экс-депутат Алмаз Эргешовдун эжеси уюштурганы белгилүү болду