«Бир балам жерде, бири абакта». Өз инисин өлтүрүүгө шектелген өспүрүмдүн жакындары тергөөгө нааразы

Мурас-Ордо конушу. 17-март 2021-жыл Сүрөт: Akipress.org

Журналист Алынай Арстанбекова Бишкектин Мурас-Ордо конушунда өз үйүндө киши колдуу болгон 13 жаштагы өспүрүмдүн жакындарынан интервью алып фейсбук баракчасына жарыялады.

*Окуя 17-мартта болгон. Өспүрүм бычакталган абалда табылган. Анын өлүмүнө шектүү катары бир тууган агасы кармалган.

Маркумдун апасы уулун агасы өлтүрүп койгонуна ишенбейт. Ал кылмышка шектелген уулу адвокатсыз суракка алынганын айтат. Ошондой эле сурактын жүрүшүндө ага басым жасалып, коркутуу болгон деп божомолдоду.

«Мыйзам иштебей жатат акыйкаттык жок. Баламды “сени ата-энеңе алып барабыз” деп алдап ИИМге алып кетишкен. Жашы жете элек өспүрүмдү кылмышка шектөөдө ата-энеси менен биргеликте иш алып баруусу керек эле. Бирок алар андай кылышкан жок. Баламдын өз инисин өлтүрүүсүнө ишенбейм. Анткени алар бири-бирине өтө мээримдүү болчу. Милиция кызматкерлери коркутуу аркылуу кылмышты мойнуна койду окшойт. Балам биздин көзүбүзгө карап айта алган жок. Коркуп турганы байкалат», — дейт маркумдун апасы.

«Бир балам жерде, бири абакта» деген эненин айтымында, өспүрүмдүн бир тууганы өлгөнү тууралуу маалыматы болгон эмес. Анткени милиционерлер алып кетип жатканда «Максатбек өлдүбү» деп суроо салып көзүнө жаш алган экен.

Шектүү жакындары менен кармалгандан кийин 5 мүнөттөй жолуктурушкан. Андан бери ата-энеси өспүрүм менен жолугуша албай убара.

Шектүү менен маркумдун агасы журналистке курган маегинде милиционерлер өспүрүмдөн сурак алып жатканда токтотууну талап кылганын айтты. Бирок анын талабы четке кагылып, «маркумдун сөөгүн бербей коёбуз» деген сөздөр айтылганын белгиледи.

Ошондой эле маркумдун апасы журналистке окуя болгон жерде «чоң бут кийимдин изи бар» экенин, бирок экспертиза буга маани берген эместигин кошумчалаган.

Ал эми шектүүнүн агасы инстаграм баракчасына белгисиз аккаунттан «иниңди көргүң келсе 10 миң доллар алып кел, эртең жазам» деген кат келген дейт. Бирок тергөөдө буга көңүл бурушкан жок деп билдирди. Мындан сырткары, ал шектүү ага жана атасына кат келгенге чейин чалып «качан келесиз» деп шашылыш сүйлөп сураганын айтты.

Алтынай Арстанбекова бул окуяга байланыштуу жогорудагы жагдайлар тергөөдө эске алынышы керек деп эсептейт. Ал эми ага-ининин жакындары  президент Садыр Жапаровдон жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевден иштин акыйкат тергелишин камсыз кылып беришин суранышты.

Өспүрүмдүн өлүмү

17-март күнү Мурас-Ордо жаңы конушунда өспүрүм баланын сөөгүн энеси таап, Бишкектин Биринчи май РИИБине кабарлаган. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери өспүрүмдүн моюнуна бычак сайылып, ал алган жаратынан улам каза болгону аныкталган.

Милициянын маалыматы боюнча, окуя болгон күнү ата-энеси жумушка кетип, аны 2004-жылы туулган байкеси карап калган. Бирок баланын сөөгү табылган учурда байкеси үйдө жок болгон.

Кызматтык иттер менен издөө жүгүзүлүп, анын натыйжасында шектүү катары агасы кармалган. Милициядан ал алгачкы суракта инисин бычактап, андан соң бычакты жууп катып койгонун айткан деп кабарлашкан. Мындай кадамга иниси менен пикир келишпестиктен улам барганын билдирген.

Аталган факты Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестерине «Адам өлтүрүү» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Буга чейин Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Ново-Николаевка айылындагы үйлөрдүн биринде 14 жаштагы бала бычакталып, каза болгон. Шектүү катары маркумдун 36 жаштагы энеси кармалган.