Акыркы суткада коронавирустун 106 учуру катталды, эки бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 25-мартта коронавирустун жаңы 106 учуру катталгандыгын маалымдашты. Бишкек шаарында — 61, Чүй облусунда — 40, Ош шаарында, Чүй жана Жалал-Абад облустарында — бирден учур аныкталды. Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 87 758ге жетти. 

Акыркы суткада 68 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Ушуну менен өлкө боюнча 84 407 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 508 бейтап, ал эми үй шартында 406 киши дарыланып жатат.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында COVID-19ду жуктуруп эки бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 1 494 киши көз жумду.

Ошондой эле, Бишкек шаарында эмгектенген эки медкызматкерден коронавирус аныкталгандыгы кабарланды. Жалпысынан коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4 224кө жетти, анын ичинен 4 196 медкызматкер илдеттен айыкты.