УКМК: Сокулуктагы «Кадастрдын» кызматкерлери мамлекетке 17 млн сом зыян келтирген

Иллюстративдик сүрөт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 23-мартта «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Чүй облусунун Сокулук районундагы филиалынын кызмат адамдарын кармады.

Шектүүлөр — «Кадастр» филиалынын башчысынын орун басары жана укуктарды каттоо боюнча башкы адис. Алар «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалды.

«Аталган адамдар жер участогунун баштапкы документтерин атайылап жасалмалап, андан ары жеке адамдарга кайрадан каттоодон өткөрүү үчүн аянтын 1,7 гектарга көбөйтүшкөнү аныкталды», — деп берилет УКМКнын билдирүүсүндө.

Атайын кызмат шектүүлөрдүн аракеттеринен мамлекетке 17 млн сомдук зыян келтирилгенин кошумчалады. Учурда кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Буга чейин, 12-февралда, УКМК ушул эле берене менен «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Сокулуктагы филиалынын директору Алайбек Тентимишов жана жетектөөчү адисти кармаган. Алар жеке компаниянын директоруна жер тилке өткөрүп берүү үчүн мамлекеттик актыны мыйзамсыз даярдоого шектелүүдө.

Мындан сырткары шектүүлөр башка 11 кылмыш иштин фигуранты болуп жатышат.