Ошто 26 жаштагы кыз Ак-Буурадагы көпүрөдөн боюн таштап каза тапты

Иллюстративдик сүрөт

Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылындагы Дача участкасында жайгашкан Ак-Буура дарыясындагы көпүрөдөн 26 жаштагы кыз өзүн таштап каза болду. Милиция «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев кабарлагандай, көпүрөнүн үстүндө турган кызды эс алууга барган тургундар көрүп калышкан. Алардын бири кызды куткарууга аракет жасаганда, ал боюн таштап жиберген. Окуяны видеого күбөлөрдүн бири тартып алган.

«Балдардын бири кыздын жанына жөрмөлөп барган. Кызга жеткенде ал өзүнүн боюн таштап жиберген. Ошол заматта маркум ары жактан жигити менен досун көрүп калып өзүн таштап ийди деген божомолдор бар», — деди Аширбаев.

Милиция кыз менен жигити буга чейин «таарыныша кетишкен» деген версия да каралып жатканын кошумчалады.

Маркум ОшМУнун медицина факультетин аяктап Орусиянын Тюмень облусунда жашаган ата-энесинин жанына кетип, 24-мартта кайтып келген. Кыз Орусиянын жараны болгон.

Буга чейин өткөн жылдын ноябрында Ош шаарында жайгашкан Сулайман-Тоодо 20 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Алдын ала маалыматтарга караганда ал өз жанын кыйган.