Ташиев: Кыргызстан Тажикстанга Ворухту алмашууну сунуштады

Кыргызстан Ворух анклавын алмашуу боюнча Тажикстанга эки сунуш берди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында билдирди.

«Биз Ворух боюнча тажик тарапка өзүбүздүн эки сунушту бердик. Биринчи сунуш — анклавдын аймагын мыйзамдуу түрдө ченейбиз, анклав мындан ары өспөйт. Анклавга Аксайды айланып кирип-чыгуу үчүн өзүбүздүн аймактан жол беребиз. Экинчи сунушубуз — биз Ворух анклавын алмаштырганга даярбыз, Ворухту бизге таштаса Лейлек районунан же, Баткен районунан башка жерлеринен берүүгө даярбыз», — деди ал.

Ташиев Ворух анклавынын аймагы болжол менен 12 миң гектарды түзөрүн айтты. Андан сырткары эгер тажик тарап алмашууга макул болсо кайсы жерлер сунушталганын жана алардын тизмеси да жиберилгенин кошумчалады. Анткен менен Тажикстан ушул күнгө чейин жооп бере электигин белгиледи.

Кыргыз-тажик чек арасынын чечилбеген көйгөйү

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 чакырымды түзөт. Анын 504 чакырымы гана демаркацияланган. Калган аймактардын азыркыга чейин тактала элек. Эки мамлекеттин чек арасын тактоо боюнча иш алып барган өкмөттөр аралык комиссиясы кайсы документтерге, картага таянуу керектиги боюнча бир пикирге келе элек. Тажик тарап Ворух Тажик ССРинин курамында болгону көрсөтүлгөн 1924-1927-жылдагы картаны колдонуу керектигин айтса, Кыргызстан 1958-1959 жана 1989-жылдардагы картаны колдонуу керектигин айтып келет. Ворух аймагы 1950-жылдары Кыргызстанда анклав болуп калган.

Аталган аймактын тургундары арасында чыр-чатак жер, жайыт, суу талаштан улам такай чыгып турат. 2019-жылы да июль айында чыр чыгып, ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков менен тажик президенти Эмомали Рахмон жаңжал болгон аймакта жолуккан.

Кыргыз бийлиги жаңжалдан улам 17 кыргызстандык жарадар болуп, айрымдарына ок тийген. Тажик тарап бир киши каза тапканын жана он адам жабыр тартканы туурасында кабарлаган.

Ак-Сай — Тамдык жолу

Кыргыз өкмөтү Баткенде Ак-Сай — Тамдык айланып өтүүчү унаа жолун куруп жатат. Бул жолдун курулушунан 2019-жылдын 13-мартында чыр чыккан.

Ворухтун тургундары бул жолдун курулушуна каршы чыгышкан, анткени алардын пикири боюнча, жол Тажикстан менен Кыргызстандын талаштуу жер тилкелери аркылуу өтөт. Ал эми кыргыз бийлиги болсо жолдун курулушу Кыргызстандын аймагында жүрүп жатканын билдирип келет.

Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык — Кишемиш айланма жолунун курулушу 2014-жылы башталган. Аталган каттам Тажикстандын Ворух анклавын айланып өтүп, Кыргызстанга караган Кишемиш жайлоосуна алып барат. Жолдун узундугу 25 чакырымды түзгөн. 13-марттагы ызы-чуудан кийин айланып өтүүчү жолго дагы төрт чакырым кошулган. Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, жолдун 21 чакырымы салынып бүткөн.

Кыргызстандын жана Тажикстандын аймактарында тактала элек жер тилкелери көп. Бул чек арага жакын аймактарда толкундоолордун чыгышын шарттап келет. Эки мамлекеттин жергиликтүү тургундары сууну пайдалануу жана чек арадан мыйзамсыз өтүү маселелери боюнча байма-бай чатакташып келишет.