Ырчы Анжелика үгүт эрежелерин бузганы үчүн эскертүү алды

Бишкек шаарынын аймактык шайлоо комиссиясы «Биздин эл» партиясынын мүчөсү, шаардык кеңешке талапкер ырчы Анжелика Кайратова үгүт эрежелерин бузганын билдирди.

Ырчы үгүт эрежелерине кыянаттык кылуу жөнүндө жазуу түрүндө эскертүү алды. Мындай чечим 19-мартта анын үстүнөн түшкөн доо-арыздын негизинде чыгарылган.

Арызда «Де-Факто» гезитине жарыяланган ырчынын маеги үгүт материалы экени жазылбагандыгы айтылган.

«Биздин эл» партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Асылкүл Сасыбаева партияга гезиттеги макала жөнүндө гезит сатыкка чыккан күнү, 12-мартта гана белгилүү болгонун билдирди. Ошол эле кезде, ырчынын айтымында маек 1-мартта курулган. Далил катары ал гезиттин башкы редакторунун катын көрсөткөн.

Партиянын өкүлдөрү шайлоо комиссиясынын жумушчу тобуна ырчынын маегин гезиттин кызматкерлери 12-мартта жаңылып чыгарып жибергенин түшүндүрүшкөн.

Ал эми Анжелика Кайратова партияга 27-февралда мүчө болгон, демек шайлоо үгүттөрү ошол күндөн тартып башталды деп саналат.

Бишкек АШКсы талапкер курган маекте үгүттүн белгилери болгон деген тыянакка келип, ага жазуу түрүндө эскертүү берди.

Батир ойнотуу

Бул арыз алдыда өтө турган шаардык кеңештерге шайлоого байланыштуу ырчынын үстүнөн түшкөн жалгыз арыз эмес.

Буга чейин Боршайкомдун ыкчам аракет көрүү координациялык тобуна Бишкек АШКсынан кат келген, анда Анжелика Кайратова Instagram’да түз эфир өткөрүп, окурмандарынын арасында батир ойноткону жөнүндө жазылган.

Мындай кадамы менен ырчы айым үгүт жүргүзүүнүн эрежесин бузушу мүмкүн, анткени шайлоо алдында кайрымдуулук менен алек болууга же бир нерсе таркатып берүүгө тыюу салынат.

Маалымат милиция кызматына прокуратурага кабарланып, текшерүү башталган. Бирок БШК аталган доо арыз боюнча чечим кабыл ала элек.

«Биздин эл» партиясы бул арызга да жооп беришкен. Ырчы көңүл ачуу иш-чараларын өткөрүү менен акча табарын түшүндүрдү. Саясий бирикменин ою боюнча, талапкердин иш-аракеттери үгүт эрежелерин бузбайт, анткени Анжелика Кайратова белектерди өз атынан берген эмес.

Ошол эле учурда партия байгеге коюлган батир Анжеликанын өзүнө эмес, үчүнчү адамдарга таандык экени тууралуу далилдерди берүүдөн баш тартышкан.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо

Жергиликтүү кеңешке шайлоолор 2020-жылдын 12-апрелинде Ош, Майлуу-Сууда, Каракол, Балыкчы жана Токмок шаарларында жана Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй жана Ош облустарынын айрым райондорунда да өтүшү керек эле.

Бирок, ошол кезде COVID-19 илдетин алгачкы жуктуруу учурлары аныкталгандыктан, Бишкек, Ош шаарларында жана айрым райондордо өзгөчө кырдаал (дагы эле өз күчүндө) жана өзгөчө абал режими киргизилген. Ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү шайлоолорду өткөрүү күнү белгисиз мөөнөткө жылдыруу тууралуу жарлык чыгарган.

2020-жылдагы октябрь айындагы окуялардан жана бийлик алмашкандан кийин шайланган президент Садыр Жапаров жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду 11-апрелге дайындаган. Жапаров «Кабар» улуттук маалымат агенттигине курган маегинде депутаттар Конституция боюнча референдумду бюджетти үнөмдөө максаты менен жергиликтүү кеңештерге шайлоолор менен бирге бир күндө өткөрүү боюнча чечимди чыгарарына «үмүт» артканын билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөнүн баш мыйзамынын долбоорунун коомдук талкуусу расмий түрдө бүткүчө эле, Конституция боюнча референдумдун мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырып коюшкан. Коомдук талкуу бүтүп, эки күн өткөндөн кийин, депутаттар мыйзам долбоорун бир күндө эле расмий түрдө экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алышкан, андан кийин президент Жапаров ага кол койгон.

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жана Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча референдум өткөрүүгө казынадан дээрлик жарым миллиард сом сарпталары маалым. Мындан тышкары, парламенттик шайлоо да кайрадан өтүшү керек — буга бюджеттен канча акча сарпталары азырынча белгисиз.