23 жаштагы кызды Бишкектен Түпкө ала качкандар 220 миң сомдон айыпка жыгылды

Иллюстративдик сүрөт

Бишкектеги Калыс-Ордо конушунан 23 жаштагы кызды ала качууга айыпталган үч кишиге — эки эркек жана бир аялга 220 миң сомдон айып пул салынды. Өкүмдү Биринчи май райондук соту 19-январда чыгарган.

Окуя 2020-жылдын 7-августунда болгон. Анда айыпталуучу аял Нургүл Шаршеева кулпунай талаасында бирге иштеген кызды кафеге жумушка чакыруу шылтоосу менен аны «Субару Легаси» унаасына отургузган. Унаа Теңдик жаңы конушуна жеткенде аларга 38 жаштагы «күйөө бала» Руслан Шаршеев жана анын досу отурушкан.

*Тергөө учурунда Руслан Шаршеевдин соттуулугу бар экени аныкталды. Ошондой эле, ал үйлөнүп ажырашкан жана балдары бар экени белгилүү болду.

Айыпталуучулар кызды Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Көөчү айылына ала качышкан. Сот отурумунда жабырлануучуга үйлөнчү киши кызды «мурда бир-эки жолу көргөнүн» айтып жана ал жолдо каршылык көрсөтпөгөнүн билдирди.

Анткен менен жабырлануучу соттук отурумда башында эле Шаршеев менен баш кошууга каршы болгонун жана жолдо кан басымы көтөрүлгөнүн айтып берди. Мындан улам алар жолдо токтоп, дары-дармек алышкан. Кийинчерээк кыз агасы менен байланышка чыккан.

«Байкеси “үйдүн ээлери эмне десе ошону жаса, биз сени таап алалы анан ал жактан алып кетебиз” деп айткан. Түпкө жеткенден кийин ал байкесинин айтканын угуп, бардык айткандарга макул болот. Ал Руслан Шаршеевге турмушка чыгууга ниети болгон эмес», — деп берилет өкүмдө.

Анын эртеси күнү кыздын агасы милиция кызматкерлери менен бирге кызды Көөчү айылынан таап аны кайтарышкан. Ал эми милиция шектүүлөрдү убактылуу кармоочу жайга киргизген. Кийинчерээк Руслан Шаршеев тергөө изоляторуна киргизилип, ал эми анын эжеси жана досу үй камагына чыгарылган.

Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Анткен менен соттук отурумда прокурор «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» беренесин жеңилрээк «Адамды никеге турууга мажбурлоо» беренесине алмаштырууну өтүнгөн. Мамлекеттик айыптоочу соттолуучулар жабырлануучуга күч колдонуп же алдоо жолу менен аны алып кетишкени аныкталган эмес деген жүйө келтирген.

*«Адамды никеге туруу максатында уурдоо» 5 жылдан 7,5 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат. Ал эми «Адамды никеге турууга мажбурлоого» 220 миңден 260 миң сомго чейин айып пул же 2,5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

«Автоунаада бара жатканда эле Нургүл Шаршеева Б.Кнын [жабырлануучунун] көңүлүнө карбастан эле аны инисине алып берип, келин кылып алам деп түшүндүргөн», — деп берилет өкүмдө.

Соттук отурумда жабырлануучунун ишенимдүү өкүлү, укук коргоочу Азиза Абдирасулова кыз айыпталуучуларды кечирип, эч кандай доосу жок экенин билдирди. Ошондой эле, Абдирасулова эки тарап жарашуу келишимин түзгөнүн жана жабырлануучу «эркиндигинен ажыратпаган башка жеңил жаза берүүнү» суранганын айтты.

Натыйжада Биринчи май райондук соту айыпталуучуларга 220 миң сомдон айып пул салды.

ИИМдин кызматкерлери 2013-жылдан 2018-жылга чейин, «ала качуу» боюнча болгону 168 кылмыш ишин ачканын кабарлаган. Ал эми 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында эле милиция 188 «ала качуу» фактысын каттаган.

БУУнун гендердик маселелер боюнча баяндамасына ылайык, Кыргызстандагы ар бир бешинчи үй-бүлө ала качуу жолу менен куралган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Врач болгусу келген Бурулай». Ала качууга дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты?