Жергиликтүү шайлоо: КТРК жана «ЭлТР» партиялардын дебатына эфир бермей болду

Бишкектин жана Оштун аймактык шайлоо комиссиялары чучукулак өткөрүп, шаардык кеңештердин шайлоосуна катышып жаткан партиялардын ортосунда дебат өткөрүү үчүн КТРК жана «ЭлТР» мамтелеканалдарында акысыз эфирдик убакыттарды бөлүштүрдү. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

«КТРК Бишкектин АШКсына, ал эми ЭлТР Ош АШКсына эфир берет. Шайлоого катышып жаткан башка шаарлардагы партияларга [эфирдик убактыны] облустук медиа борборлор берет», — деп «Клоопко» БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

*Алгач теледебаттар Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышып жаткан партиялар үчүн гана болоору кабарланган. Бирок БШКдан КТРК жана «ЭлТР» каналдарында өлкөнүн башка 27 шаардагы шайлоо өнөктүгүнө катышуу арызын берген бардык 56 партия үчүн дебаттар уюштурулат деген чечим кабыл алган. Дал ушул себептен дебаттар болбой кала жаздаган — телеканалдар көп убакыттан бери техникалык мүчүлүштүктөрдү себеп кылып, эфирдик сеткадан орун бербей келишкен.

Бишкек шаардык кеңешине 25 партия, Ош шаардык кеңеши үчүн — 9 партия ат салышууда.

Бишкектеги теледебаттар

29-марттан 6-апрелге чейин күн сайын беш партиянын талапкерлери КТРКнын эфирине чыгышат. Мында алардын ар бирине 15 мүнөттөн сөз берилет.

Чучукулактын жыйынтыгы боюнча эфирге чыгуунун кезеги төмөндөгүчө түзүлдү:

  • Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы (НДПК);
  • «Кыргызстан»;
  • «Тынчтык»;
  • «Айкөл Кыргызстан»;
  • «Ынтымак»;
  • «Реформа»;
  • «Республика»;
  • «Улуу-Журт»;
  • «Бийлик элге»;
  • «Социал-демократтар»;
  • «Кыргызстан демократиялык кыймылы»;
  • «Замандаш»;
  • «Ишеним»;
  • «Тандоо эркиндиги»;
  • «Эмгек»;
  • «Биздин эл»;
  • «Кыргызстандын жашылдар партиясы»;
  • «Ыйман Нуру»;
  • «Ата Журт Кыргызстан»;
  • «Улутман»;
  • «Патриот»;
  • КСП;
  • «Ак Бата»;
  • Кыргызстан коммунисттик партиясы;
  • «Бүтүн Кыргызстан».

Партиялар ортосундагы дебаттар 5-апрелден 9-апрелге чейин өтөт, 7-апрель дем алыш күн. Бишкек АШКдан билдиришкендей, үч топтун дебатында алтыдан партия болот, төртүнчү топтогу дебатка жети партия катышат.

Оштогу теледебаттар

Ош шаардык кеңешине теледебаттар бир аз башкача өтөт. БШКнын Ош шаары жана Ош облусундагы атайын өкүлү Расулбек Кадыровдун айтымында, форматы салттуу дебаттардан айырмаланат Дебаттар өзү үч айлампа менен өтөт.

«Биринчи айлампада ар бир партиядан аялдар чыгат. Таймаш кереге кеңеш түрүндө өтөт, алып баруучу суроолорду берет, талапкерлер жооп беришет. Экинчи айлампада партиялардын талапкерлери өз платформалары жөнүндө айтып беришет. Үчүнчү айлампада партиялардын лидерлери, борбордук жана аймактык органдар келет, пикир алышуу кереге кеңеш сыяктуу бир формада өтөт, анда суроолор берилет», — деп «Клооптун» журналистине Кадыров айтып берди.

Биринчи айлампада — талапкерлердин 30 мүнөттүк маектери берилет. Алар 29-марттан 2-апрелге чейин эфирге чыгышат. Күн сайын эфирге эки партиянын талапкерлери, акыркы күнү бир партиянын талапкери чыгат.

Экинчи айлампа 5-6-апрель күндөрү өтөт. Партиянын ар бир өкүлүнө 15 мүнөттөн убакыт берилет.

Үчүнчү айлампа апрелдин 7синен 9на чейин өтөт. Күн сайын эфирде үч партиянын лидерлери жолугушат, бул жерде дебаттарга 1 саат убакыт берилет.

Чучукулактын жыйынтыгында, эфир убактысы төмөндөгүдөй бөлүндү:

  • «Бир Бол»;
  • «Ынтымак»;
  • «Ата-Журт Кыргызстан»;
  • «Улуу Журт»;
  • «Улуттар Биримдиги»;
  • «Ишеним»;
  • «Республика»;
  • «Бүтүн Кыргызстан»;
  • «Ыйман Нуру».

Макала жарыяланардан мурда КТРК жана «ЭлТР» каналдарынан теледебаттардын форматы тууралуу комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Көпкө даярданышты

КТРК менен «ЭлТР» теледебаттар үчүн эфирдик торду көпкө чейин бербей жатышты. Ошентип, 22-мартта КТРК жана «ЭлТРдин» эфири үчүн жергиликтүү кеңештерге шайланып жаткан талапкерлердин дебатын уюштурууга эфирдик убакытты бөлүштүрүү боюнча чучукулак өткөн жок.

Мамлекеттик телерадиокорпорациянын жетекчилиги техникалык мүчүлүштүктөргө жана даярдык жоктугун жүйө келтиришкен. Буга Бишкек АШКсынын жетекчиси Кайрат Маматов ачууланган.

«Жакында эле парламенттик жана президенттик шайлоолор болуп өттү. Эки шайлоодо тең дебаттар уюштурулган. Мунун үстүнө, КТРК Конституциянын жаңы долбоорун колдогондор менен ага каршы болгон топтор үчүн да аянтча берди. Конституция боюнча референдум да 11-апрелде өтөт. Партиялардын талапкерлери арасында дебат уюштурууга эмне жолтоо болуп жатат?» — деп Маматов суроо салды.

Айрым медиаэксперттер мындай кадамы менен КТРК менен «ЭлТР» дебаттарды саботаж кылууда деп белгилешет. Боршайком болсо бул саботаж эмес, «эфир сеткасы дээрлик даяр болуп калды, аз күндө шайлоо комиссиясынын төрагасына берилет» деп ишендиришкен.

Онлайн-дебаттар

28-мартта бир нече партиялар өздөрү дебат уюштурууну чечкени белгилүү болгон. Дебаттар «Бишкек тандайт» деп аталат.

«Бишкек тандайт» онлайн-дебат 1-апрелде саат 20:00 өтөт. Дебатка «Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы» жана «Реформа» партияларынын өкүлдөрү катышышат. Иш-чараны ушул эки партия уюштурушууда.

Дебаттын модератору Данияр Аманалиевдин айтымында, дебатты Facebook жана YouTube аркылуу түз эфирде көрсө болот.

«Пикир таймаш 1,5 саатка эсептелген, биз аны абдан кызыктуу форматта өткөрөбүз деген ойдобуз. Шайлоочулар үчүн мындай пикир алышуу маалымат алуунун жакшы булагы болоруна ишенебиз. Башка партиялар да талкууларды ушундай форматта өткөрүшсө жакшы болмок», — деп Данияр Аманалиев билдирген.

Кыргызстанда жергиликтүу кеңештерге шайлоо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум 11-апрелде өтөт. Шайлоо 28 шаарда, анын ичинде Бишкек жана Ошто, ошондой эле 420 айылдык кеңеште өткөрүлөт.

Дагы окуңуз: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Мекенчилдин» талапкерлери кайсыл партияларга «секирди»?