Жергиликтүү кеңештерге талапкерлер биринчи жолу онлайн-дебатта жолугушат

Бишкек шаардык кеңешине талапкерлер Кыргызстанда биринчи жолу онлайн-дебатка катышышат. ololo коворкинг тармагынын негиздөөчүсү Данияр Аманалиев иш-чаранын модератору болот.

Аманалиев «Азаттыкка» билдиргендей, «Бишкек тандайт» онлайн-дебат 1-апрелде саат 20:00 өтөт. Дебатка «Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы» жана «Реформа» партияларынын өкүлдөрү катышышат. Иш-чараны ушул эки партия уюштурушууда.

Аманалиевдин айтымында, дебатты Facebook жана YouTube аркылуу түз эфирде көрсө болот.

«Пикир таймаш 1,5 саатка эсептелген, биз аны абдан кызыктуу форматта өткөрөбүз деген ойдобуз. Шайлоочулар үчүн мындай пикир алышуу маалымат алуунун жакшы булагы болоруна ишенебиз. Башка партиялар да талкууларды ушундай форматта өткөрүшсө жакшы болмок», — деп Данияр Аманалиев билдирди.

Бишкек шаардык кеңешинде 45 мандат каралган. Алар үчүн 25 партия, 1820 талапкер ат салышууда.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо

Жергиликтүү кеңешке шайлоолор 2020-жылдын 12-апрелинде өтүшү керек эле. Бирок, ошол кезде COVID-19 илдетин алгачкы жуктуруу учурлары аныкталгандыктан, Бишкек, Ош шаарларында жана айрым райондордо өзгөчө кырдаал (дагы эле өз күчүндө) жана өзгөчө абал режими киргизилген. Ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү шайлоолорду өткөрүү күнү белгисиз мөөнөткө жылдыруу тууралуу жарлык чыгарган.

2020-жылдагы октябрь айындагы окуялардан жана бийлик алмашкандан кийин шайланган президент Садыр Жапаров жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду 11-апрелге дайындаган. Жапаров «Кабар» улуттук маалымат агенттигине курган маегинде депутаттар Конституция боюнча референдумду бюджетти үнөмдөө максаты менен жергиликтүү кеңештерге шайлоолор менен бирге бир күндө өткөрүү боюнча чечимди чыгарарына «үмүт» артканын билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөнүн баш мыйзамынын долбоорунун коомдук талкуусу расмий түрдө бүткүчө эле, Конституция боюнча референдумдун мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырып коюшкан. Коомдук талкуу бүтүп, эки күн өткөндөн кийин, депутаттар мыйзам долбоорун бир күндө эле расмий түрдө экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алышкан, андан кийин президент Жапаров ага кол койгон.

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жана Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча референдум өткөрүүгө казынадан дээрлик жарым миллиард сом сарпталары маалым. Мындан тышкары, парламенттик шайлоо да кайрадан өтүшү керек — буга бюджеттен канча акча сарпталары азырынча белгисиз.