Акыркы суткада коронавирустун 113 учуру катталды, бир бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 30-мартта коронавирустун жаңы 113 учуру катталгандыгын маалымдашты. Эң көп учур Бишкек шаарында аныкталды — 61, Чүй облусунда — 44, Нарын облусунда — үч жана Ысык-Көл облусунда — беш учур аныкталды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 88 276га жетти. 

Ал эми акыркы суткада 70 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 33, Чүй облусунда — 19, Ош облусунуда — 13, Нарын облусунда — төрт, Жалал-Абад облусунда — беш жана Ош шаарында — бир бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 84 723 бейтап оорудан айыкты.  Ооруканаларда 530 бейтап дарыланып жатат. Алардын ичинен 115 бейтап оор жана 22 бейтап өтө оор абалда деп бааланууда. Ал эми үй шартында 577 киши дарыланып жатат.

Ошондой эле, акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 5 493.

Мындан сырткары, Бишкек шаарында COVID-19ду жуктуруп бир бейтап каза болгондугу кабарланды. Кыргызстанда илдеттен 1 498 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада үч медкызматкер коронавируска чалдыкты — Бишкек шаарынан эки, Чүй облусунан бир. Ал эми COVID-19дан бир медик сакайды. Жалпысынан коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4 245ке жетти, анын ичинен 4 197 медкызматкер илдеттен айыкты.