Талас: Аттестациядан эки акимдин орун басарлары өтпөй калды

Талас облусунун төрт район башчыларына Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан өткөрүлгөн аттестациянын жыйынтыгы 29-мартта чыкты. Аттестацияга үч аким жана алардын сегиз орун басарлары катышкан.

Анын жыйынтыгы менен Кара-Буура районунун акиминин биринчи орун басары Таалайбек Айманбетов жана Манас районунун акиминин орун басары Махабат Орозалиева тийиштүү упай топтой алган эмес. Алар аттестациядан өтпөй калышты.

Мамлекеттик кадр кызматы Бакай-Ата районунун акими Чолпонкул Төрөкулов аттестацияга катышпагандыктан «ээлеген кызматына шайкеш келбейт» деген чечим чыгарган.

Талас облусунда төрт район бар: Бакай-Ата, Манас, Кара-Буура жана Талас райондору.

Кыргызстандагы район акимдерин жана орун басарларын аттестациядан өткөрүү 11-марттан 2-апрелге чейин жүргүзүлөт.

Акимдерди аттестациядан өткөрүү биринчи Нарын облусунда башталып, анда Жумгал районунун акими Залкарбек Бекбалаев жана Ат-Башы районун акиминин орун басары Динара Жунушева, ошондой эле Нарын районунун акиминин 1-орун басары Ишенбек Мукамбетов аттестациядан өтпөй калган. Аларга «ээлеген кызматына шайкеш келбейт» деген чечим чыгарылган.

Буга чейин, премьер-министр Улукбек Марипов 22-февралда президент Садыр Жапаровдун «Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндөгү» 29-январда кол койгон жарлыгына байланышкан кайрылуу жасаган.

Анда ал, бул жарлык «мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кадрларды тандоо системасын жана тажрыйбасын түп тамырынан өзгөртүүгө шарт түзөрүн» белгилеген.

Жарлыкты ишке ашыруу үчүн өкмөт район акимдерин жана алардын орун басарларын аттестациядан өткөрүү системасын киргизет. Ошондой эле акимдерди ротациялоо принциби ишке ашырылат.