Акыркы суткада коронавирустун 164 учуру катталды, бир бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 1-апрелде коронавирустун жаңы 164 учуру катталгандыгын маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 97;

Чүй облусунда — 51;

Нарын облусунда — 2;

Ысык-Көл облусунда — 8;

Ош шаарында — 4;

Жалал-Абад облусунда — 2.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 88 538ге жетти. 

Ал эми акыркы суткада 88 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 46, Чүй облусунда — 32, Ош жана Ысык-Көл облустарында — үчтөн, Жалал-Абад облусунда — төрт бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 84 897 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 504 бейтап дарыланып жатат. Ал эми үй шартында 688 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 5 177.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында COVID-19ду жуктуруп бир бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 1 500 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада Чүй облусунда эмгектенген эки медкызматкер коронавируска чалдыкты. Жалпысынан коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4 248ге жетти, анын ичинен 4 197 медкызматкер илдеттен айыкты.