Баткен: 650 литр күйүүчү майды алып өтүүгө шектелип эки тажик жараны кармалды

Баткен обулусунун Лейлек районунда май куюуучу кампалардын биринен Тажикстандын жасалма номерлүү жеңил унаасына жүктөлгөн 650 литр күйүүчү май табылды.

«Кампага тинтүү иштери 1-апрелде жүргүзүлгөн. Учурда иштин жагдайларын жана бул ишке катышкан адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралар улантылууда», — деп билдирди атайын кызмат.

Аталган факт боюнча УКМК «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренеси менен коңшу мамлекеттин эки жаранын кармады.

Бир апта мурун аталган райондо кыргыз-тажик чек чарасынан күйүүчү майды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган айдоочулар кармалгандыгы кабарланган. Жүктүн жалпы көлөмү болжолдуу түрдө 8 тоннаны түзгөн.

«Коргончо» чек арасынан коңшу өлкөдө катталган эки «Хюндай-Старекс» унааларынын айдоочуларын текшерүү учурунда, алардын номуру жасалма болгону жана кузовдун ичи күйүүчү май ташууга ылайыкталып жасалганы аныкталган.

Кыргызстанда күйүүчү майга жана азык-түлүккө болгон баа кескин кымбаттап жатат. Мунай сатуучулар ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов 1-марттагы басма сөз жыйында күйүүчү майдын баасы бул айда 8 сомго чейин кымбатташы мүмкүндүгүн айткан. Мындан улам өлкөдө күйүүчү майдын тартыштыгы жаралган. УКМК тартыштыкты жоюу максатында коңшу мамлекеттерге мунай өнүмдөрүн ташууга тыюу салган.