Орусияга болгон каттамдар жана авиабилеттердин баасы көзөмөлүмдө — Жапаров

Орусияга болгон аба каттамдарынын саны жана авиабилеттердин баасы боюнча түзүлгөн кырдаал президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүндө. Бул тууралуу маалымат өлкө башчысынын телеграм-каналына жарыяланды. 

Жапаровдун айтымында, аба каттамдардын санын көбөйтүү, авиабилеттердин баасын төмөндөтүү жана темир жол каттамын жандандыруу маселеси Казакстан менен Орусиядан көз каранды.

«Кыргызстандан Орусияга аба каттамдарын көбөйтөлү десе, кыргыз бийлиги каршы болуп жатат деген чагымчылдардын сөзүнө ишенбегиле! Тескерисинче көптөн бери Орусия тараптан чартердик рейсттерди көбөйтөлү деп суранып келе жатабыз. Маселе бизде эмес», — деди ал.

Ошондой эле, Казакстандын өкмөтү транзитти жандандырууга макулдугун бергенин, эми Орусиядан жооп күтүп жатканын кошумчалаган.

9-февралдан тарта Орусияга түз учкан туруктуу каттамдардын саны аптасына 6 рейске чейин көбөйгөн.

Орусиянын талаптарына ылайык, Кыргызстандын жарандары Орусиянын аймагына кирээрге 3 күндөн (72 саат) кем эмес мезгилде коронавируска карата ПЧР тесттин терс жыйынтыгын алышы керек.

Орусия Кыргызстан менен болгон аба каттамдарын 2020-жылдын март айында жапкан. Кайрадан туруктуу каттамдар 2020-жылдын 21-сентябрынан тартып жандандырылган. Ал убакта Орусиянын коронавируска каршы штабы учактар Бишкекке аптасына бир жолу каттап турарын билдирген.

Жыл башында Транспорт министрлиги Кыргызстан — Орусия багыты боюнча аба каттамдарынын баасы кеминде эки эсе өскөнүн кабарлаган.

«Манас» аэропорту авиабилеттердин баасына эч кандай таасир кыла албасын жана жөнгө сала албасын билдирип келет. Көптөгөн багыттар боюнча авиабилеттердин баасы коронавирус пандемиясы башталгандан кийин киргизилген чектөөлөрдүн кесепетинен эселеп өсүп кеткен.

Туруктуу аба каттамдарды көбөйтүү

28-марттан тартып беш өлкө Кыргызстанга туруктуу аба каттамдары көбөйткөнү тууралуу маалымдалган. Ага ылайык, Түркия, Казакстан, Өзбекстан жана Кытайга болгон учуулардын саны өскөн.

Бирок бул маалыматтан бир нече саат өткөндөн кийин «Манас» эл аралык аэропорту эпидемиологиялык кырдаал курчуп жатканына байланыштуу Алматы, Үрүмчү жана Орусиянын бир катар шаарларына каттамдар жокко чыгарылганын билдирген.

Каттамдардын тизмесин «Манас» аэропортунун сайтынан көрүү мүмкүн.