Жарандык көзөмөл комитети Калиеванын иши боюнча БУУга кайрылды

Жарандык көзөмөл комитети (ЖКК) 1-апрелде Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын ыйгарым укуктары убактылуу токтотулганына байланыштуу БУУнун агенттиктерине кайрылды.

Укук коргоочулардын пикиринде, Калиеванын иши саясий куугунтук жана сот түзүмүнө басым болуп саналат.

ЖКК өз кайрылуусунда «бийликтин саясий бутактарынын сот системасына чектен ашкан кысымдан улам мамлекет кооптуу абалга кептелип жатат».

«Ар бир киши, анын иши көз карандысыз сот тарабынан каралышына укуктуу. Гүлбара Калиева коомдун ишеничине ээ. Соттордун ачык-айкындуулугуна жана эсеп-кысабын так берүүсүнө жетүү үчүн сот түзүмүн санариптештирүүгө анын кошкон салымы абдан чоң, бул демилге сот органдарында коррупцияга каршы күрөшүүдө негизги милдет болуп саналат», — деп кайрылууда айтылды.

Укук коргоочулар Кыргызстан БУУнун мүчөсү экенин жана бир катар эл аралык пактыларды ратификациялаганын эскертишти.

«Кыргызстан БУУнун мүчөсү болуп туруп, атайылап токулган кылмыш ишинин негизинде жогорку соттун төрайымын кызматынан кетирүү аракети менен соттордун көз карандысыздыгы принцибин бузуп жатат.

БУУга мүчө болгон өлкөлөр эч бир айырма кылбастан адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин урматтоого дем берүү жана өнүктүрүүдө эл аралык кызматтыштыкты камсыз кылуу максаты менен адилеттүүлүк, калыстык орното турган шарттарды түзүп берүүгө милдеттүү болгонуна уюмдун Уставы кепилдик берет», — деп белгилешти.

Укук коргоочулар баса белгилешкендей, президент жана VI чакырылыштагы депутаттар тарабынан көз карандысыз сот системасын жоюу мамлекеттүүлүктү жоюуга барабар жана мунун артынан адам укуктары менен мыйзамдуулук мамлекет тарабынан корголушун начарлатып, күтүлгүс кесепеттерди алып келиши мүмкүн.

Парламенттин жана тартип комиссиясынын чечими

4-март күнү Судьялар кеңешине караштуу тартип комиссиясы Калиеванын кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берген. Бул чечими менен комиссия Башкы прокуратуранын кайрылуусун канааттандырган. Калиева «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системаны (АМС) ишке ашыруудагы коррупцияга шектелүүдө.

Мындан тышкары, комиссия президентке Гүлбара Калиеваны Жогорку соттун төрайымы кызматынан четтетүү сунушун берүүгө чечим чыгарган.Ал эми 31-мартта парламенттин депутаттары президент Садыр Жапаровдун Калиеваны кызматынан убактылуу чететте туруу сунуштамасын канааттандырган.

Учурда Жогорку соттун башчысынын м.а. болуп Нургүл Бакирова эсептелет. Ал Калиеванын орун басары болгон.

Калиевага карата иш

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Калиевага карата эки сотко чейинки өндүрүштү баштаган. «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системаны (АМС) иштеп чыгуу жана өздөштүрүүдөгү коррупция иши боюнча тергөөчүлөр Жогорку сот IT-компания менен программалык камсыздоо түзүү үчүн «жасалма» келишим түзгөнүн аныктаган. УКМКда Калиеванын күнөөсүнүн «четке кагылгыс далилдери» бар экенин билдиришкен.

Мындан тышкары, Калиевага карата «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. УКМКнын маалыматына ылайык, Калиева жана Свердлов райсотунун экс-төрайымы интернетте сот бийлигинин айрым өкүлдөрүн дискредитациялаган видеолорду жайылтышкан.

2020-жылдын 28-декабрында Башкы прокуратура Калиеваны жоопкерчиликке тартуу үчүн Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына кайрылган. 2021-жылдын 5-январында комиссиянын отуруму өткөрүлмөк, бирок отурум Калиеванын ден соолугуна байланыштуу жылдырылган.

УКМК Калиеваны тартип комиссиясынын ишине атайын бут тосууда деп бир нече жолу айыптаган. Ал эми 3-мартта Жогорку соттун төрайымы «ар кандай шылтоо менен өз маселесин кароону создуктуруп жатат» деп билдирген.

Жогорку сот буга «Комиссиянын отуруму Калиеванын ооруганына байланыштуу жылдырылган. Анын ден соолугунун начарлашы дарылоо мекемеси тарабынан берилген эмгекке жараксыздык баракчасы менен бышыкталган» деп жооп берген.