Жергиликтүү шайлоо: Бишкекте эки партиядан үч талапкер шайлоодон четтеди

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы келип түшкөн арыздар боюнча 1-апрелде чукул жыйын өткөрдү. «Эмгек» партиясынан ат салышып жаткан эки талапкер менен «Ак Бата» партиясынын бир талапкерин каттоону жокко чыгарды.

Аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, «Эмгек», «Ынтымак» жана НДПК партияларынын үстүнөн КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү даттанган. Ал аталган партиялардан жергиликтүү шайлоого катышып жаткандар КСДПнын мүчөсү экенин, бирок башка партиялардан шайлоого аттанып жатканын белгилеген. Арыз ээси тарабынан берилген кошумча материалдарды карап чыккандан кийин, Бишкек АШКсы «Эмгек» партиясынан талапкерлер — Анара Мамбетова (№17 Муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы) менен Марлен Токтоналиевди (№15 Муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы) талапкерлерди көрсөтүү эрежелерин бузганы үчүн аларды каттоону жокко чыгарган.

«Ак Батанын» талапкери Ыргал Кадыралиева

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Ак-Бата конушунда спорттук иш-чара өткөнү жана анда бекер тамак-аш таратылганы тууралуу ЖМКларда жазылганын билдирди. Бул иш-чара «Ак Бата» партиясы тарабынан уюштурулуп, анда талапкерлер Нариман Түлеев менен Ыргал Кадыралиева дагы болгон. Бишкек АШКсы жыйындын соңунда талапкер Ыргал Кадыралиеванын дагы каттоосун жокко чыгарды. Андан сырткары партияга үгүт иштерин бузганы үчүн кат түрүндө эскертүү берилди.

Asia-News гезитине эскертүү берилди

Ошондой эле, жыйында Asia-News гезитинин үгүт материалдарды чыгаруу тартибин бузганы айтылган. Гезитке Жогорку Кеңештин депутаты, «Ынтымак» партиясынын лидери Марлен Маматалиевдин маеги жарыяланган. АШК аны үгүт материалы деп эсептеп, гезитке дагы кат түрүндө эскертүү берди. Аталган маектин үгүт материалы экени көрсөтүлгөн эмес.

Боршайкомдун координациялык тобуна мыйзам бузуу боюнча 31 билдирүү келип түшкөн. Алардын ичинен эң көбү добуш сатып алууга байланыштуу — 14 билдирүү. Андан сырткары административдик ресурсту колдонуу боюнча 8 билдирүү келген. Ошондой эле, коркутуу, басым жасоо, жалган маалымат таратуу, үгүт иштерин каржылоо тартибин бузуу бар.

Дагы окуңуз: Шайлоо мыйзамдарын бузуу: ИИМ 21 кылмыш ишин козгоду

Кийинкиге жылдырылган шайлоо

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 2020-жылдын 12-апрелинде Ош, Майлуу-Суу, Каракол, Балыкчы жана Токмок шаарларында, андан сырткары Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй жана Ош облустарынын айрым аймактарында өткөрүлүшү керек болчу.

Бирок коронавирустан улам өлкө боюнча өзгөчө кырдаал киргизилген (ал дагы деле күчүндө) анын ичинде Бишкек, Ош шаарларында жана бир нече райондордо өзгөчө кырдаал киргизилген. Ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков шайлоону белгисиз мөөнөткө жылдырган.

Октябрь окуяларынан кийин, бийлик алмашкан соң президент болгон Садыр Жапаров жергиликтүү шайлоону 11-апрелге дайындаган.

Шаардык кеңештерден тышкары, 11-апрелде 420 айылдык кеңешке дагы шайлоо өткөрүлөт. Айыл жерлериндеги шайлоолорго өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер катышат, аларды каттоо иштери 22-мартка чейин жүргүзүлөт.

Тема боюнча: Жергиликтүү шайлоо: КТРК жана «ЭлТР» партиялардын дебатына эфир бермей болду