Акыркы суткада коронавирусту жуктурган эки бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 3-апрелде коронавирустун жаңы 142 учуру катталгандыгын маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 90;

Чүй облусунда — 44;

Ысык-Көл облусунда — 7;

Баткен облусунда — 1.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 88 842ге жетти. 

Ал эми акыркы суткада 98 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 49, Чүй облусунда — 35, Ош шаары жана Баткен облусунда — бирден, Ош жана Ысык-Көл облустарында — бештен, Нарын облусунда — эки бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 85 077 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 582 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 115 киши оор, 23 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 729 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 4 289.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында COVID-19ду жуктуруп эки бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 1 502 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада сегиз медик коронавируска чалдыкканы маалымдалды. Чүй облусунда эки жана Бишкек шаарында алты медкызматкерден COVID-19 аныкталды. Жалпысынан коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4 259га жетти, анын ичинен 4 203 медкызматкер илдеттен айыкты.