«Ата-Журт Кыргызстан» эл чогултуп концерт берди — АШК мыйзам бузуу тапкан жок

«Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы эпидемиологиялык кырдаал начарлап жатканына карабастан, 3-апрелде «Жеңиш» аянтында жүздөгөн киши катышкан концерт уюштурду.

Видео: Бөрүбек Кудаяров

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамда концерттерди жана спорттук мелдештерди уюштурууга тыюу салынган эмес. Мындай тыюу президентти жана парламенттин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамда жазылган», — деп маалымдалды Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясынан.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги март айынын аягынан бери Кыргызстанда COVID-19 илдетин жуктургандардын саны өскөнү жөнүндө кабар берүүдө. Өкмөт балдар аянттарын жабуу жана коомдук жайларда коопсуздук чараларын күчөтүүнү чечти.

Буга чейин шаар бийлиги коронавирус пандемиясынан улам 50 кишиден ашкан чогулуштарга каршылыгын билдирип келген, бирок бул шайлоо өнөктүгүндө үгүт маалында элүүдөн көп кишинин чогулушуна тыюу бар-жогу боюнча мэрия так комментарий берген жок.

«Ата-Журт Кыргызстан»

«Ата-Журт Кыргызстан» — курамында эң көп мүчөсү бар, Кыргызстандын саясий айдыңындагы эң жаш оюнчу. Аталган партиядан шаардык кеңешке миңден ашуун талапкер ат салышууда.

Азыркы учурда партияны Айбек Маткеримов жетектейт — ал 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясынан талапкерлигин койгон. Анда Маткеримов талапкерлер тизмесинде 82-номерде барган.

Бул партиянын жети мүчөсү «Мекенчил» партиясынын тизмесинде болгон. Буга чейин президент Садыр Жапаров «Мекенчил» партиясы жергиликтүү жана парламенттик шайлоого катышпайт деп айткан. Чындыгында эле, партиянын өзү шайлоого катышкан жок, бирок анын мүчөлөрү Бишкек, Баткен, Базар-Коргон, Жалал-Абад жана Майлуу-Суу шаарларынын кеңештерине талапкерлигин коюп жатышат.

Мындан сырткары Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев да Жалал-Абад шаардык кеңешине «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан талапкерлигин койду. Ташиев учурда УКМКнын төрагасы жана президент Садыр Жапаровдун жакын досу. Экөө убагында «Мекенчил» партиясын бирге түптөшкөн.

Апрелдин башында Ош шаардык кеңешине аттанып жаткан беш партия «Ата-Журт Кыргызстан» партиясын админресурска жана добуш сатып алууга айыптаган.

«Баягы эле добуш сатып алуу болуп жатат. Баягы эле бийлик өкүлдөрү аралашып, ачык-айкын эле элди үгүттөп жүрүшөт. Ачык-айкын эле жерлерге шагыл төгүлүп, бир жумуштарын кылып берип жатышат. Убадаларды берип жатышат. Бул мыйзамга каршы келген аракеттер», — деп билдирген «Бүтүн Кыргызстандын» өкүлү.

Боршайком тийиштүү органдар текшерүүлөрдү жүргүзөт деп ишендирген. 26-мартта Бишкек АШКсынын Ыкчам чара көрүүчү координациялык тобунун отурумунда «Ата-Журт Кыргызстан» партиясына карата «Добуш сатып алуу» беренеси боюнча иш катталганы айтылган.