«Көз жарган окуучу». Аксыда «зордуктоого» шектелип 17 жаштагы тургун кармалды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 7-класстын окуучусун зордуктоого шектелип 17 жаштагы тургун кармалды. Буга чейин аталган райондо өспүрүм кыз көз жарган.

Жалал-Абад ОИИБи маалымдагандай, шектүү 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

7-класстын окуучусу 1-апрелде Аксы аймактык ооруканасында төрөгөн. Окуя тууралуу милицияга дарыгерлер кабар беришкен.

Эртеси күнү төрөгөн кыз окуган Кара-Суу айылындагы мектептин директору жазган арызынын негизинде жумуштан бошотулган. Ал эми анын орун басарына, окуу бөлүмүнүн башчысына жана соцпедагогго сөгүш жарыяланган.

Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Талант Эмилбек уулунун айтымында, мугалимдер да, жетекчилик да өспүрүмдүн боюнда болгонун байкаган эмес.

2020-жылы жашы жете элек балдарга карата жалпысынан 1101 кылмыш иши катталган. Анын 150дөйү жыныстык мүнөздө болгон.

Тема боюнча:

Аксы районунда 7-класстын окуучусу көз жарды, милиция тергөө иштерин баштады

Аксы районунда 7-класстын окуучусу көз жарды, милиция тергөө иштерин баштады