Акыркы суткада коронавирустун жаңы 161 учуру катталды, үч бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 7-апрелде коронавирустун жаңы 161 учуру катталгандыгын маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 97;

Чүй облусунда — 46;

Ош шаарында — 6;

Талас облусунда — 3;

Жалал-Абад облусунда — 3;

Нарын облусунда — 1;

Ысык-Көл облусунда — 7.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 89 438ге жетти. 

Ал эми акыркы суткада 108 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 67, Чүй облусунда — 32, Нарын жана Жалал-Абад облустарында — экиден, Ысык-Көл облусунда — төрт жана Баткен облусунда — бир бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 85 496 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 690 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 147 киши оор, 23 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 623 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 4 967.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында — эки, Чүй облусунда — бир COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 1 512 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада сегиз медиктен коронавирус аныкталды. Бишкек шаарынан — үч, Ош шаарынан — эки жана Чүй, Ысык-Көл, Талас облустарынан — бирден медкызматкер коронавируска чалдыкты. Жалпысынан коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4 282ге жетти, анын ичинен 4 215 медкызматкер илдеттен айыкты.