Антимонополия агенттиги нефтетрейдерлерге күйүүчү майдын баасын көзөмөлдөө талабын койду

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги күйүүчү-майлоочу каражаттардын баасын өстүрбөө үчүн нефтетрейдерлерге карата бир нече талап койду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Басма сөз кызматтын маалыматы боюнча, 6-апрелде Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директорунун орун басары Кеңешбай Тайлаков Нефтетрейдерлер ассоциациясы, Нефтетрейдерлер биримдиги жана бул рыноктогу ири оюнчулар менен кеңешме өткөрдү.

Сүрөт: Монополияга каршы кызматтын басма сөз кызматы

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги күйүүчү-майлоочу каражаттарын сатыкка чыгарган ишканаларга бааларды мындан ары дагы өстүрбөө үчүн чыгымдарды оптимизациялоо жана абийирдүү атаандаштык принцибинен тайбай, аны так сактоо талабын койду.

«Ошондой эле, күйүүчү-майлоочу каражаттарынын баасын жүйөсүз өстүрүүгө жол бербөө боюнча жазуу түрүндө сунуш берилди», — деп агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Күйүүчү-майлоочу каражаттардын баалары

Соңку айларда Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу каражаттардын баалары кыйла өстү. Улуттук статистика комитетинини 11-мартка карата берген маалыматы боюнча, баалардын мониторинги АИ-92 маркасындагы бензиндин баасы февраль айындагы бааларга салыштырмалуу республика боюнча орточо 11,5%га өскөн. Андан тышкары, ушул эле убакыт аралыгында дизелдин баасы 7,2%га жогорулаган.

Күйүүчү-майлоочу каражаттардын баалары улам өсө бергени үчүн, 2-мартта өкмөт башчысы Улукбек Марипов, Кыргызстандан мазуттан тышкары мунай заттардын бардык түрлөрүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салган. Тыюу ички рынок толтурулганга же Евразия экономикалык бирлигинин мунай жана мунай заттарынын жалпы рыноктору түзүлгөнгө чейин күчүндө болот.

Андан соң Марипов өлкөдө күйүүчү-майлоочу каражаттардын баасынын өсүшү боюнча пикирин билдирген. Марипов күйүүчү-майлоочу каражаттардын баасын турукташтыруу жана таңкыстык жаралбашы үчүн өкмөт бардык керектүү чараларды көрө турганын убада кылган. Ошондой эле, Мариповдун айтымында, эгер бааларды турукташтыруу мүмкүн болбосо, кыргызстандыктар үчүн айыл-чарба продукциясы кымбаттап кетет.

Нефтетрейдерлер өз кезегинде Орусиянын өзүндө таңкыстык болгондуктан орусиялык заводдор мунай заттарын Кыргызстанга чектелген көлөмдө гана жеткирип жатышканын билдиришти.

Мындан тышкары, алардын айтымында, жакында Казакстан да Орусиядан мунай заттарын сатып алып баштайт, андыктан баалар азыркыдан да кыйла өсүп кетиши мүмкүн.