Акыркы суткада коронавирустун жаңы 208 учуру катталды, бир бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: ССМ

Республикалык штабдан 10-апрелде коронавирустун жаңы 208 учуру катталгандыгын маалымдашты. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы — 176, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы — 32.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 128;

Чүй облусунда — 66;

Ош шаарында — 1;

Ош облусунда — 2;

Баткен облусунда — 1;

Нарын облусунда — 2;

Ысык-Көл облусунда — 8.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 90 019га жетти. 

Ал эми акыркы суткада 105 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 55, Чүй облусунда — 40, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 7, Ош шаарында — 2 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 85 824 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 833 бейтап дарыланып жатат. Ал эми үй шартында 880 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны —5 563.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында — эки, Чүй облусунда — бир COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 1 519 киши көз жумду.

Ошондой эле, Бишкек шаарында эмгектенген бир медиктен коронавирус аныкталды. Жалпысынан коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4 299га жетти, анын ичинен 4 226 медкызматкер илдеттен айыкты.