Бишкек: Шаардык кеңешке алты партия келиши мүмкүн

Бишкек

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Бишкек шаары боюнча бардык АСУлардан маалыматтар келип түшкөнүн билдирди. Анын айтымында, борбор калаа боюнча 419 901 киши шайлоочулардын тизмесине киргизилген. Шайлоодо алардын 133 111и добуш берген, бул жалпы катталгандардын 31,71 пайызын түздү.

Шайлдабекова 131 532 бюллетен жарактуу экенин, 1 579 бюллетень жараксыз болгонун кошумчалады.

Ошентип автоматташтырылган саноо урналарынан алынган алдын ала маалымат боюнча Бишкек шаардык кеңешине алты партия 7 пайыздык шайлоо босогосунан өттү. Алар — «Эмгек», «Ак Бата», НДПК, «Ата-Журт Кыргызстан», «Ынтымак», «Биздин эл» партиялары өттү.

Ал эми Оштогу 78 шайлоо участкасынын 73үнөн маалыматтар келип түшкөн. Жалпы шайлоочулардын тизмесине 151 671 киши кирип, анын 71 996сы гана добуш берген. Жарактуу бюллетендердин саны 71 167 болсо, 829 бюллетень жараксыз деп табылган. — 98,85 пайыз, жараксыз бюллетендер — 1,15 пайыз жараксыз.

АСУдан алынган алдын ала маалыматтар боюнча Ош шаарында үч партия алдыда келе жатат — «Ата-Журт Кыргызстан», «Улуттар Биримдиги» жана «Ыйман нуру».

БШКнын төрайымы шаардык кеңештеги мандаттар 7 пайыздык шайлоо босогосунан өткөн партиялардын ортосунда бөлүштүрүлөрүн кошумчалады.