Бишкекте «Клооптун» байкоочусу менен журналистин милиция кармап кетти

Бишкектеги №1330 шайлоо участкасындагы «Клооптун» байкоочусу Айжан Авазбекова менен штаттан тышкаркы журналисти Эркайым Ишеналиеваны милиция кармап кетти.

Алар шайлоо участкасынын сыртында белгисиз аял имаратка кирип жаткандарды текшерип, дептерге жазып жатканын байкашкан. Журналист менен байкоочу ага эскертүү берип, эмне үчүн мындайды жасап жатканына кызыгышкан. Аял аларга жооп бербестен кыйкырып, милиция чакырган.

Окуя болгон жерге келген милиция алардын бардыгын кармап, эмне болгонун аныктоо үчүн милиция бөлүмүнө алып кетти.

Дагы окуңуз — Ош: №5316 участогунда байкоочу менен үгүтчү делген аял уруша кетти

Жергиликтүү кеңешти шайлоо жана референдум

Кыргызстанда 11-апрелде Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жана жергиликтүү кеңешке шайлоо өтүп жатат. Баш мыйзамдын сунушталып жаткан долбоорун демилгелөө процесси көптөгөн мыйзам бузуулар менен коштолгон. Эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин аталган Конституциянын долбоорун кайрадан карап чыгууга жана референдумду кайра дайындоого чакырган.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 2020-жылы жазында өтүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясынан улам шайлоо бир жылдан кийин өтүп жатат.

Кыргызстандыктар 28 шаарда 796 депутатты жана 420 айылдык кеңеште 7 560 депутатты шайлашат.

Добуш берүү жалпы 2 483 шайлоо участогунда өтөт. Анын ичинен 48и чет өлкөдө жайгашкан.

«Клооп» өлкө боюнча дээрлик ар бир шайлоо тилкесинде мыйзам бузууларды каттап турат. Ал үчүн 3000 байкоочу иштеп жатат. Мыйзам бузууларды билгиңиз келсе биздин сайтты жана социалдык тармактагы баракчаларыбызды акмалап туруңуз.