Жергиликтүү кеңештерди шайлоо: Сузактын өз эрежеси бар

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Төш айылында №2001 шайлоо участкасында шайлоо башталгандан бери АШК мүчөсү бюллетендер салынган үкөктүн жанынан эч кетпей жатканын «Клооптун» байкоочулары кабарлады.

Байкоочулар бир нече жолу эскертүү берсе да, АШК мүчөсү «участка тар болуп жатат, шайлоочуларга жардам беришим керек» деп жооп берген. Ошол эле учурда, АШК мүчөсү шайлоочу кимге добуш бергенин карап жатат.

Буга чейин, ушул эле шайлоо участкасында АШК мүчөлөрү автоматташтырылган саноо урнасына пломба баскан эмес, анткени алар «АСУну ачкыч менен бекитип, эч ким аларды ача албайт». Мыйзам боюнча мындайга жол берилбейт.

Буга чейин «Клооптун» байкоочулары Жалал-Абад облусунун Колот айылындагы №2130 жана Жалал-Абад шаарындагы №2109 шайлоо участкасындагы дагы АШКнын мүчөлөрү АСУга жакын туруп алып, шайлоочулардын ордуна үкөккө бюллетендерди салганын байкашкан.

Жергиликтүү кеңешти шайлоо жана референдум

Кыргызстанда 11-апрелде Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жана жергиликтүү кеңешке шайлоо өтүп жатат. Баш мыйзамдын сунушталып жаткан долбоорун демилгелөө процесси көптөгөн мыйзам бузуулар менен коштолгон. Эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин аталган Конституциянын долбоорун кайрадан карап чыгууга жана референдумду кайра дайындоого чакырган.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 2020-жылы жазында өтүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясынан улам шайлоо бир жылдан кийин өтүп жатат.

Кыргызстандыктар 28 шаарда 796 депутатты жана 420 айылдык кеңеште 7 560 депутатты шайлашат.

Добуш берүү жалпы 2 483 шайлоо участогунда өтөт. Анын ичинен 48и чет өлкөдө жайгашкан.

«Клооп» өлкө боюнча дээрлик ар бир шайлоо тилкесинде мыйзам бузууларды каттап турат. Ал үчүн 3000 байкоочу иштеп жатат. Мыйзам бузууларды билгиңиз келсе биздин сайтты жана социалдык тармактагы баракчаларыбызды акмалап туруңуз.