Бишкекте «Эмгек», «Ак Бата», НДПК үчөө коалиция түзүп, Түлеев мэр болушу ыктымалбы?

11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөн күнү социалдык тармактарда Бишкектин мурдагы үч мэри — Аскар Салымбеков*, Нариман Тюлеев** жана Азиз Суракматовдун*** жолуккан видеосу тарады. Буга чейин Түлеев Салымбековдон коалиция түзүү сунушу түшкөнүн, борбор шаардын мэринин кызматына Салымбеков анын талапкерлигин колдой турганын билдирген.

*Ишкер Аскар Салымбеков 2005-жылы болгону бир нече ай Бишкектин мэри болгон.

** Нариман Түлеев дээрлик эки жыл — 2008-жылдын июль айынан 2010-жылдын апрелине чейин калаа башчы болгон.

*** Азиз Суракматов 2018-2020-жылдары, эки жыл Бишкектин мэри болуп иштеген.

Бишкектин мурдагы үч мэри тең алдын ала жыйынтыктар боюнча Бишкек шаардык кеңешине өтө турган партиялар менен байланыштары бар.

«Эмгек» партиясы 2011-жылы Салымбеков тарабынан түзүлгөн — ал бул партиянын негиздөөчүсү. Алдын ала жыйынтыктар боюнча бул партия Бишкек шаардык кеңешинде 10 мандатка ээ болот.

Ал эми Нариман Түлеев «Ак Бата» партиясын жетектейт. Бул партия алдын ала эсептер боюнча 9 мандатты алат.

Азиз Суракматовду НДПК партиясы менен байланыштырышат, бул партия да алдын ала эсептер боюнча Бишкек шаардык кеңешине өтүп, 8 мандатка ээ болот. Суракматов партиянын съездинде болгон, ошондой эле НДПКнын талапкерлер тизмесинде Суракматовдун командасынан эки мурдагы вице-мэр да бар.

Жолугушууда эмне кеп болду?

Нариман Түлеевдин айтымында, Салымбеков жана Суракматов менен жолугушуу 9-апрелде болгон.

«Мен аларды чакырып таза жана акыйкат шайлоо өткөрүү сунушун киргиздим. Агитация учурунда ансыз деле квартал башчылары, үйбашылары тарабынан админресурс колдонулган массалык башаламандыктар болду. Айрымдары кармалышты. Менин максатым таза шайлоо өткөрүү тууралуу келишимге келүү болчу. Биз кол алыштык. Тилекке каршы андай болгон жок. Көчмө добуш берүү күнү жана 11-апрелде массалык мыйзам бузуулар жана сатып алуулар болду», — деп билдирди ал.

Түлеев мэр болом дейт

Өлкө боюнча шайлоо участкалары жабылып, шайлоонун алдын ала жыйынтыктары жарыялангандан кийин Нариман Түлеев 11-апрель күнү кечинде мэрликке талапкерлигин коё турганын жана Салымбеков ага коалиция түзүүгө сунуш бергенин жар салган.

«Эгер шайлоо таза өткөндө, бир партия шайлоочулардын добушун сатып алмак эмес. Мындай учурда биздин партия биринчи орунда болмок. Бир дагы шайлоо участкасында биздин саясий уюмубузга эч бир доомат болгон жок. «Эмгек» партиясынын жетекчиси борбор шаардын мэринин кызматына менин талапкерлигимди колдоду. Азыр биз коалиция түзөлү деп жатабыз», — деди Түлеев.

Мындай билдирүүгө 12-апрелде «Эмгек» партиясынан жооп беришти. Алар шайлоонун расмий жыйынтыгын күтүү керектигин, андан соң гана Бишкек шаардык кеңешинин иштөө форматын караса болорун айтышты.

«“Ак Бата” партиясынын лидери Нариман Түлеевдин билдирүүсү боюнча пикирибизди билдире турган болсок — бул анын өзүнүн жеке пикири жана каалоосу. Биз шайлоо программабызды сапаттуу түрдө ишке ашыруу менен шаардын тургундарынын кызыкчылыктарын эске алып туруп гана иш жүргүзөбүз», — деп партиядан билдиришти.

11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерди шайлоо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум болуп өттү. Алдын-ала жыйынтыкка караганда, борбор калаанын кеңешине 6 партия өтөт — «Эмгек», «Ак-Бата», НДПК, «Ата-Журт Кыргызстан», «Ынтымак» жана «Биздин эл».

Ошондой эле, алдын ала жыйынтыкка караганда, Конституцияны өзгөртүүгө шайлоочулардын 79,24%ы макул, ал эми 13,66%ы каршы добуш берген. Шайлоого жалпы добуш берүүчүлөрдүн 37,08%ы келген.

Тема боюнча: Шайлоо-2021. Шаардык кеңештерди шайлоонун жыйынтыгы — түз эфир