Чүй: Милиция 17 жаштагы кызды ала качкан үч шектүүнү кармады

Шектүүлөр

Чүй облусунун Жайыл райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 17 жаштагы кызды ала качкан үч шектүүнү кармады. Окуя 11-апрелде Кара-Дөбө айылында болгон.

Ал күнү аталган айылдын тургуну милицияга арыз менен кайрылып, белгисиз кишилер анын 2003-жылы туулган кызын ала качканын билдирген. Ошол эле күнү Жайыл РИИБдин кызматкерлери кылмышка шектеп үч тургунду кармаган. Алардын бирөө 22 жашта, экөө 21 жашта болгон.

Милиция «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү ачып, шектүүлөрдү убактылуу кармоочу жайга киргизди.

Жергиликтүү тургундар «Турмуш» басылмасына билдиргендей, шектүүлөр 17 жаштагы кызди ал кичи автобуска түшүп бараткан жеринен уурдаган.

«Кыз барган жерине отурбай, милицияга арыз жазды. Ал балдар 12-апрелде милиция кызматкерлери менен келишим түзүп, акча берип, ишти жабууга аракет кылышууда. Милиция кызматкерлери Айзада менен Буралайдын окуясынан дагы деле сабак алыша элекпи?» — деп билдиришти алар.

«Ала качуу»

Бишкек ШИИББдин тергөө кызматынын мурдагы жетекчиси Нурлан Утемисов 2020-жылы ала качуунун 92 фактысы катталып, алардын 75и кыскартылып кеткенин билдирген. Ал эми сегиз учур боюнча тергөө аяктап сотко жиберилген, дагы тогуш иш тергелүүдө.

Утемисов бул маалыматты уурдалып, кийинчерээк киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын иши боюнча басма сөз жыйында билдирген.

Канатбекова 5-апрелде бир нече киши тарабынан ала качылган. Ошол эле күнү Канатбекованы уурдаган Замирбек Теңизбаев аны унаада футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кесип салган. Алардын сөөгү эки күндөн кийин Аламүдүн районундагы айылдардын биринде табылган.

Бул окуядан кийин коомчулук милициянын аракеттерине нааразы болуп, жүздөгөн киши Бишкек ШИИББнин жетекчилигин отставкасын талып кылуу менен митингге чыгышкан. Ал тапта Айзаданы ала качууга катышкан дагы төрт шектүү кармалган.

Кийинчерээк Ички иштер министрлиги кызматтык иликтөө жүргүзүп, анын натыйжасында Бишкек ШИИББдин жана Биринчи май РИИБдин жетекчилиги кызматтан бошотулуп, бир катар милиционерлер тартиптик жазага тартылган.

Бул Кыргызстанда чуу жараткан биринчи окуя эмес. 2018-жылдын май айында Бурулай Турдалы кызы уурдалып, милиция бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Алгач Бурулайды Марсбек Бөдөшов өнөктөшү менен уурдаган.

Милиция аларды кармап, Жайыл РИИБдин бөлүмүнө алып келген. Кийинчерээк Бөдөшов Бурулайды милиция бөлүмүндө бычактап өлтүрүп, андан соң өз жанын кыюуга аракет кылган.

2018-жылдын аягында Бөдөшов 20 жылга эркинен ажыратылган, ал эми Бурулайды ала качууга жардам берген Акмат Сейитов 7 жылга кесилген.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Врач болгусу келген Бурулай». Ала качууга дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты?

«Жашоону сүйчү». Айзаданы курбулары менен туугандары эскеришти